Эмнеге “Раим-миллиондун” көчмөндөр оюнуна барганы Ирина Карамушкинанын тынчын алууда?

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин депутаты Раим миллион атка конгон Бажы тармагынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди.

Депутатка Матраимовдун Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кенен-кесири барып, VIP орунуна отурганы жаккан эмес.

“Көчмөндөр оюнунун ачылышына Раим “днищеброд” өзү келди. Кенен-кесири басып, өкмөттүн мүчөлөрүнүн, депутаттардын колун кыса учурашып, амандык сурашып, анан вип орунга отурду. Коррупция менен күрөштө мамлекеттик чөнтөкчүлөр менен паракорлор жеңишке жетишишет! Мен Башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Коррупция менен күрөшүү кызматынын жетекчисине кайрылам: эмнеге силер президенттин алдына Матраимовду дыкат иликтөө маселесин койбойсуңар?!” – деп жазды депутат.

Ирина Карамушкина абактагы экс-мэр Кулматовдун иши менен Матраимовдун маселесин салыштырып, экс-мэр бюджетке кетчү каражаттын так булагын көрсөтсө да кызматынан алынып, темир тор артына кеткенин, ал эми Райымбек Матраимов эркиндикте минтип аткаминерлер менен катарлашып, кенен жүргөнүн акылга сыйбас жорук катары баалаган.

Карамушкинанын ызаланганын көпчүлүк ар башкача кабыл алышууда. Матраимов кызматта отурганда үн дебеген депутат анын коррупционер экенин эми билип калдыбы деген да пикирлер жок эмес.

Райымбек Матраимов өткөн жылы ээлеген кызматынан ал учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Кийинчерээк мындай көрсөтмөнү Исаков Атамбаевден алганы белгилүү болгон. Бир нече ай кызматсыз жүргөн “Раим-миллион” качан гана Сапар Исаков өкмөт башчылыгынан алынгандан кийин өкмөттү сотко берген. Ал өзүнүн кызматтан бошотулуусун мыйзамсыздык катары баалаган. Эмгек кодексине таянган мурдагы орун басар кызматтан алынган учурда эмгек эргүүсүндө жүргөнүн белгилеген. Сот Матраимовду кызматтына кайрадан дайындалышы боюнча чечим чыгарган. Бирок, өкмөт мындай чечимге макул эмес. Өкмөт Матраимовго карата чыккан сот чечиминин үстүнөн сотко доо арыз менен кайрылган.

На данном изображении может находиться: 1 человек, текст

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *