Эмомали Рахмондун тагдыры 11-октябрда чечилеби?

     Мезгил

Тажик парламентинин кош палатасы 6-августта биргелешкен жыйынга чогулуп, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 11-октябрга белгиледи. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына таянып жазды. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерди саясый партиялар, облус, шаар жана райондордогу кесиптик кошуундар көрсөтөт.

Бул шайлоо Тажикстандын эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болот. Азыркы президент Эмомали Рахмон 1994-жылдан тарта 26 жылдан бери бийликте отурат жана келерки президенттик шайлоодо да оңой эле жеңип чыгары айтылып жатат. Ал жетектеген 26 жылдын ичинде шайлоого байланыштуу мыйзамдар бир канча жолу өзгөргөн жана анда Эмомали Рахмон бийликте чексиз калышына жол ачкан деген сын-доомат айтылган.

Апрель айында анын 32 жаштагы уулу Рустам Эмомали парламенттин жогорку палатасынын спикер болуп дайындалган. Өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча президент күтүүсүз бийликтен кеткен учурда жогорку палатанын төрагасы президенттин милдетин аткарып турат.

Тажикстанда президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Соңку президенттик шайлоо 2013-жылы 6-ноябрда болгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *