Эрөөлдө экөө: Канат Исаев Ширин Айтматованы сотко берет

Мезгил

Канат Исаев Ширин Айтматованы сотко берет. Жогорку Кеңештин депутаттынын айтымында Ширин Айтматова жарыялаган «Канат Исаевдин китепкана иши» деп аталган 15 мүнөткө жакын иликтөөсү чындыкка дал келбейт.

-Жөн эле бир ушак сөздүн артынан ээрчибесеңер. Биринчиден бул китепкана тарыхый архитектуралык баалуулуктардын тизмесине эч качан кирген эмес. Бул сотто да аныкталган. «Үмүт 2020» кыймылы тараткан видеотасмада айтылгандар «курулай ушак». Мен жакын адамдарым менен, партиялаштарым менен акылдаштым. Эми жоок бул туура эмес деп аны ( Ширин Айтматова) менен акыйлашып отурмак белем. Мен сотко берем жана элге таркаган ал маалыматтар жалган экенин далилдейм-деди Канат Исаев.

Эске салсак Ширин Айтматова «Үмүт 2020» кыймылы тараткан видеотасмада 2010-жылдын 9-апрелинде Токмоктун ошол кездеги мэри Канат Исаев аянты 550 чарчы метр китепкананы 572 116 сомго сатып жиберди деп айтыптаган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *