«Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат

   Мезгил

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кытайдагы Күрүч майрамына байланыштуу пунктту жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн.

  Өткөрмө пункт 25-июндан баштап 28-июнга чейин жабык болот. Ал эми 29-июндан тарта жүк өткөрүлүп баштайт.

Белгилей кетсек, Коронавирус күчөп баштаганда жабылган «Эркеч-Там унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту өзгөчө алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу үчүн гана 15-апрелден тарта ачылган болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *