«Эркечтам автожол» көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылат

   Мезгил

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Эркечтам автожол» көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Кытайдагы Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу пунктту жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган пункт 30-апрелден баштап 5-майга чейин жабык болуп, 6-майдан тарта жүк өткөрүлүп баштайт.

Коронавирус күчөп баштаганда жабылган «Эркечтам унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту өзгөчө алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу үчүн гана 15-апрелден тарта ачылган болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *