Эркин Асрандиевден коронавирус аныкталды. Ал ант берүү аземине катыша албайт

  Мезгил

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана  Өкмөт мүчөлөрү бүгүн  Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында ант беришет.

  Өкмөттүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЧР-анализи оңдуу жыйынтыкты көрсөткөн. 

Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *