Эркин Сопоков “козёл отпушения” болуп кала береби?

Мезгил

  Айеркен Саймаитини атып кеткендер учурда Түркия полициясына сурак берип жатышат. Бул боюнча кыргыз бийлиги, Түркиядагы элчилик да эч кандай комментарий бере элек. Бүгүн гана өкмөт өкүлдөрү парламентте маалымат беришти.

Буга чейин Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болгону белгилүү болду. Аталган автоунаада тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда турганы аныкталды. 2019-жылдын октябрь айынын аягында башкы консул Эркин Сопоков автотранспорт каражатына дипломаттык номурду кайтарып алуу жана каттоодон чыгаруу боюнча жоболорду бузуп, өзүнүн «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын «Ramadan Turizm» деген автосалонго сатуу үчүн берген. Ал эми бул автоунаанын кытай жараны Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде болуп калганы жөнүндө түшүндүрмө бере алган жок деген билдирүү тараткан ТИМдин маалымат өкүлчүлүгүнөн. Ошондой эле Сопоков буга чейин да бир нече жолу эрежесин бузуп, ал үчүн эскертүү алган. Бул маалымат ачыкка чыккан соң президент Сооронбай Жээнбеков кечөө Эркин Сопоковду башкы консулдук кызматтан бошоткон.

Эркин Сопоков ким болгон же айдоочу айдоочуну алыстан тааныйт “жомогу”

Эркин Сопоков 51 жашта. Мурда Алмазбек Атамбаевге таандык делген «Кыргызавтомаш» заводунда айдоочу болуп иштеген. Андан соң Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин орун басары болгон. Акыркы эки жылдан бери Стамбулдагы башкы консул болуп иштеп келген. Бул консулдук кызмат карьерасын айдоочулуктан баштаган Сопоков үчүн алгачкы дипломатиялык тажрыйба эле. Сопоков дипломатиялык кызматка дайындалган учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе болгон деген маалымат айтылып келет. Айдоочу айдоочуну алыстан тааныйт деген чын белем?

Эркин Сопоков “козёл отпушения” болуп кала береби?

Бизде мамкызматкерлер кызматтан чуу менен кеткен учурда жоопко тартыла бербей турган тажрыйба жайылган. Бул көрүнүш өлкөбүздүн өнүгүшүнө жолтоо болуп келе жаткандыгы анык. Эркин Сопоковдун иши да ошондой болду. Күнөөнүн баары ага жабылып, башкалар өзүн “ак карга” сезип жатышкан учуру. Консулдардын дипломатиялык номерлери тагылган автоунааларын бизнесмендер мыйзамсыз пайдаланып келгендиги тууралуу маселени Кореяда элчи болгон Кылычбек Султан да көтөрүп чыгып, натыйжада бакандай болгон Тышкы иштер министри кызматынан кеткен. Элчи көтөргөн маселе боюнча текшерүү иштеринин жыйынтыгы алиге чейин коомчулукка белгисиз. Кар жаады из басылды деп ойлоп жатышса керек.

Диппаспорт жана дипномер тагылган автоунаа менен жүрүү бизнесмендерге эмне алып келет? Албетте чет өлкөдөгү текшерүүлөрдөн калканч таап берет. Ошондуктан чет мамлекетте бизнес менен шугулдангандарга бир кездерде КРнын дипломатиялык паспорттору 10-20 миң доллардан өйдө сатылып турган убактар болгон.

Эгерде Эркин Сопоковго байланышкан иште кыргыз бийлиги аны кызматынан кетирүү менен эле чектелип калса, анда улам кетире берген катабызды оңдоонун ордуна кайра эле аны жасай берет турбайбызбы деген пикир туулат. Себеби Сопоковго байланышкан ТИМдин бөлүмдөрүнүн, Түркиядагы элчиликтин, Кыргызстандагы бир топ атка минер, балким айрым саясатчылардын иштери көмүскөдө кала берет. Консулдук кызматка адис эмес, сырт кишини тааныш-билиштик жол аркылуу алпаргандар жазасыз кала берет жана алар бул жосунун уланта беришерине чек жок болуп калат. Бул илдет кийин да ырбап, коррупция менен айыгышкан күрөшүү жүрүп жатса, тескерисинче андан коркуп койбогон кызматкерлерге чоң дымак берет.

Ал эми “козёл отпушения” тууралуу айтсак, мурдагы кылымдарда дин кызматкерлери эчкиге элдин башына келген кырсыкты “көчүрүшүп” туруп, ээн талаага айдап жиберген салт болгон. Дагы бир маалыматтар боюнча эчкиге элдин “жүгүн көчүрүп” туруп курмандыкка чалышкан. Иши кылса байкуш эчки жаныбарга баардык балээни көтөрүүгө туура келген. Сопоковдун абалы нак мына ушундай болуп турат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *