Эртең 19-ноябрдан тарта Кыргызстанда кинотеатрларга иштөөгө уруксат берилет

  Мезгил

Кыргызстанда кинотеатрларга 19-ноябрдан тарта иштөөгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим Республикалык штабдын отурумунда кабыл алынды. Бирок расмий түрдө документке кол коюла элек.

  Бүгүн түштөн кийин штаб кинотеатрларды ачуу боюнча документтерди Бишкек мэриясына жөнөтөт. Коронавирусту жайылтпоо максатында, кинозалдардагы адамдардын ортосундагы аралык жана санитардык нормалар сакталат.

Эске салсак,  COVID-19 таркай баштаганда кинотеатрлар биринчилерден болуп карантинге жабылган. Алар сегиз айдан бери өз ишин жанданта албай, чыгым тартууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *