Эртең Бишкектин борбордук көчөлөрү кыймылга чектелет

   Мезгил

Эртең 14-ноябрда  футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргызстандын курама командасы Жапониянын футболчулары менен беттешет. Бул күнү Бишкектеги айрым көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Маалым болгондой, саат 14:00дөн баштап Абдумомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынын Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү, Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки көчөлөрдө кыймыл чектелет.

Оюн саат 17:15те башталат. Көрүүчүлөр стадионго 15:15тен баштап киргизиле баштайт.

Эске салсак, 14-ноябрда жана 19-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Жапония жана Тажикстандан келген футболчулар менен беттешет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *