Эртеңден тарта ишкерлерге жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

  Мезгил

Эртеңден тарта ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилип баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. 

Анын айтымында ссудалар банктар жана кичи кредиттик компаниялар аркылуу берилет.

Пайыздык чени жылына – 6дан 10го чейин. Насыя азык-түлүк коопсуздугу, жеке коргоочу каражаттарды чыгаруучу жана туризм, соода тармагындагы компанияларга берилет. Алынган сумманын жарымын ишкерлер буга чейинки кредиттерин жабууга жумшай алат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *