Эртең Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келет

Мезгил

Эртең, 27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти. 

Маалым болгондой, визиттин алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат. Ошондой эле, чек ара, транспорт, миграция, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармакка байланыштуу документтерге да кол коюлмакчы.  

Мындан сырткары, 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чарага Орусия, Беларусь, Казакстан, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри катышат.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевди мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келип кетүүгө  чакырган.  

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *