Эртеңки күнгө карата күтүлгөн аба ырайы

 Мезгил

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 5-6-майда түнкүсүн Талас, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондордо, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасы -1…-3 градуска чейин түшөт.

5-майда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткеноблустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйөрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

 Таласта түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абадоблустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1…-3 суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүзгү температура 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус жылуу болот.

5-майда Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн 1…3°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *