Эртең коомдук транспорттордун иши жанданат (талаптар)

  Мезгил

Эртең, 25-майдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорттун — автобус, троллейбус жана кичи автобустардын иши жанданат.  Бул тууралуу  онлайн маалымат жыйында мэр Азиз Суракматов билдирди. 

Талаптар:

– бардык талаптар сакталганда жана бет кап же респиратор, кол, кол кап үчүн антисептик болгондо гана жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилет;

– унаанын кире беришиде санитайзерлер болуусу шарт;

– жүргүнчүлөрдүн саны орундардын саны (60-70%дан ашпашы керек) менен чектелет;

– каалганын туткасы, отургучтар жана кармагычтар дезинфекцияланып турушу зарыл;

– аралык сакталышы керек.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомдук транспорт үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкканын билдирген.

«Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эрежелерди бузган учурда ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык», – деген ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *