Эртең Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

    Мезгил

Эртең, 5-ноябрь саат 10:00дө “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  Жогорку Кеңештин  кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйындын күн тартиби:  

1. 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратында келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө;

2.  Өлкөдөгү эпидемиялогиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы;

3. “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет караган).

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *