Эскерүү: Мен сыяктуу канча кыргыз ыйлады

Мезгил

Акыркы кездешүү

Көрсө көбү кыска тура. Ошол үчүн маанилүү болду окшойт да. Бул жарыкта биз өтө, өтө эле аз кездештик. Бирок, күнүгө жанда жүргөн көп адамдарга караганда өтө жакын элек. Ал менин – ЗАЙЫРБЕК Ажыматов байкем болчу эле да.

Кызыгы анын чын эле кымбат адам экени, өтө таланттуу экени анан да кыргызга керек экени кокусунан эле жаздын бир жайдары кечиндеги суук кабардан кийин, чок баскандай секирип, жакшы күндөрдү колдон тарттырып жибергенде гана сезилип калды. Кеч билип калдык. Анын кыргызга чындап керек экенин өзү да билчү эместир. Анан аны аңдап биз дагы ага айтып коюшубуз керек эле. Эч мүмкүн болбой калды. Ошондо эсибизге келдик. Биз кыргызга бир келген бир ыр адам менен жашап жүргөнүбүздү, анын жанында  кандай кааласак, ошондой жүрө бергенибизди, эч эле мүмкүн эмес болчу нерселерге биз жөн гана жолдор менен жетип жүргөнүбүздү аттиң, Зайырбек акынды жоготкон күнү гана сезип калдык. Биз көрсө кудайдын эркеси болгон турбайбызбы. Биз Зайыр акындын ар бир кыргызы жолуга албай, көрсөм деп көксөп, көрө албай жүргөн тилегин биз башыбызга кийип, бакытка маарып жүргөн турбайбызбы.

Эгер биз ал бакытты билгенибизде, туйганыбызда эмне кылмак элек? Кандай кылмакпыз? Башкача кандай кылып аны менен татыктуу жашай алат элек? Ушул суроолор мени бир ишти туура аткара албай калганда жетекчиден жеме уккандай абалда, өтө кемсинип, өтө уялып, киргенге тешик таппай калгандай абалда жеп атат!!! Ооба, аны көп эле капа кылгандырбыз. Көп эле пендечиликке салып, көп нерсебизди аягандырбыз. Аны менен кездешип, маанилүү баарлашып өткөрчү күндөрдү болбогон бир көр оокатка айырбаштап жибергендирбиз. Эмнесин гана айтасың… Кыскасы бир келген бир бакытты балжа-булжа урунуп жүрүп баркын билбей учуруп жибергендей эле ичибиз тыз деп отуруп калдык.

Кудай дагы бир шанс бере турган болсо, аны менен башкача кадыр күтүп жашаганга баарыбыз даяр турабыз.

Эх, Зайыр байке! Чынында сиз негизи биздин арабызда башкача бир бактылуу, башкача бир даңктуу, өзгөчө бир сыймыктуу жашашыңыз керек эле.

Ого бетерден өчөшкөнсүп, жакшы бир иш кылаарда күн ачылбай, ачылбаганы аз келгенсип жааны башталып, анысы токтосун деп күтүп отурса, төрт-беш күнгө чейин ак жаанга айланып кетип, жүдөтүп жиберген кыжаалат мезгил улам буттан чалып туруп албадыбы. Ошого карбай жаркылдап, намыстуу, өрттүү жүрөгү, бийик духу көп нерсени тогото койгон жок. Заке да өмүргө өчөшүп өрнөктүү жашабадыбы! Бирок, аны өзү да билбей кетти.

Анын антип жашаганын акын уулун жапырт жоктоп, боздоп ыйлап, ажалды каргап-шилеп, колдон келсе азыр эле тирилтип алууга даяр туруп, тирүүсүндө бир сомду бекер бере албаган жаны колунда эмне байлыгы болсо анын тирүү жаны үчүн баарын бере турган жайда туруп, уялбай эле, чын эле ошентип ойлонуп турушту. Чындап моюндашты. Аны жоготууга эч мүмкүн эмес экенин, эми ансыз кантип жашап кете алаар экенин билбей, ошол учур баары жетимсиреп кетишти. Анын баарын акын бала кезден өзү ойноп өскөн боз үйдүн капталына кокус тура албай жатып калганда ачык айтып ыйлашты. Аттиң, көзү тирүүсүндө кыргыз эли ушунча сүйөрүн, ушунча барктаарын билсе го, Закем барбалаңдап, ичинен үшкүрүп, өкүнө берип көнүмүш да болуп кеткен көкүрөгү жеңилдей түшөт беле? Балким, чын эле элге керек экенин жүз пайыз билгенде анын уяттуу жаны, намыстуу, жоопкерчиликтүү жаны эл үчүн, алардын үмүтү үчүн чымырканып, өлбөй койгонго да кудурети жетээр беле?

Эмне кылсак да, жоготуп алдык. Ошо. Кол барбай турат жазганга, көз жаш клавиатурага тамп атат, көз жашка чыланган тамгаларды ыйлаган көзүм көрүп көрбөй, ЖОГОТТУК деп кебелбей эле жазып атат. Эмнеси? Түбүң түшкүр дүйнө ай, тирүү кишиге баары жараша берет тура. Ооба ушу сөздү да  жазганга дух жетип атат. Арсыз эле экенбиз. Чоң кылмыш кылып коюп, өзүн алдап жүргөн адамдай. Бул сөздү жазып алып мен да кебелбей жазганымды улантып атам.

Жоготпошубуз керек эле. Заке, сиз дагы чын эле кое турушуңуз керек эле. Акыркы кездешкенде көп пландар менен тарабадык беле. Дайыма эле аткара жүргөн иштерибиз эми чын эле аткарылбай калабы ээ? Сөз берген соң өлсөңүз-талсаңыз да аткарчу элеңиз, ушундай сөзгө турбай да коет экенсиз да ээ? Акыркы убадалашып кеткенибиз эле улам көз алдыга тартылат. “Мындан ары эки жумада бир болобу жолугуп, дүйнөлүк адабият жөнүңдө билгендерибизден талкуулап, радиоугууларды, эфирлерди уюштуралы” деген сонун бир тилек менен таркаганбыз.

Ошол күнү чын эле Заке өзгөчө болчу. 23-февралга карата тележурналист кыз мырзаларга арналган ырлардан окуп бергиле деп чакырган болчу. Ала-Тоо кинотеатрынын алдындагы аллеяда ыр окуп, эфирге  тартылдык. Акжол баштаган жаш акын балдар да чакырылыптыр. Аларды көргөнүмө аябай сүйүнүп, алардын жаш болсо дагы акылдуу, сабырдуу жана көтөрүмдүү, айлакерлигине таң берип ичимден, өтө бир узун кепке кирип отурганбыз. Күн сонун болуп тийип турган. Бир маалда аллеяны бака-шакага түшүрүп, бакыйып эле Зайыр байкем келатат. Баарыбыз сүйүнүп кеткенибизден ордубуздан тура калып эле аны жарданып карап туруп калдык. Алыстан эле болгон жүрөгү менен каткырып эки кулачын кере жайып алып, чын эле аянбай жайып алып бизди көргөнүнө кубанганын жашыра албай барбалактап, баарыбызга келатты. Биз дагы күтүлбөй күп этип түшкөн бакытты кокус көрө калып, эрксизден талашып жибергенибиздей, баарыбыз Закеге учурашканга шаштык.

Мен аны көргөндө эле, сөзсүз бир тамашаны айтып, аны да күлдүрүп, кубанткым бере турган жайым бар эле. Анымды карматып:

-Оо Заке, келатасыз анан! Падышадай гана бакыйып келатасыз да. Карачы, ай карачы!!! Ой баштагы таажы кана?

Ичинен чыккан күлкүсүн, көмөкөйүнө сактап чыгарбай ыкшып күлө бере турган жайы бар эле, ошентип каткырып алып:

-Таажынын баарын талкалашпадыбы? – деп мурда биз бир сөз кылган тарыхы узак бир иштин аягын айткандай болду.

-Атаңдын көрү десеңиз! Деги биз өзү таажы эмне экенин тааныйт болдук бекенбиз?

Ал да аябай жыргап:

-Ошо, оңбой калдык, оңбой калдык.

-Сизге таажы табылат! Табылбай көрсүнчү!

Ой, бир жыргап каткырып эле атабыз. Аябай деле шумдук. Петросяндын концертинде отургандай деле иш болгон эмес, бирок эмнегедир эле, ошо Петросяндын да концерти кеп болбой кала тургандай эле бир ирмемдерди таап алып каткырып аттык.

Тим эле шыңгырап ошондо күмүштөр жааган экен көрсө.

Анан тележурналист кыздын иши аяктап баарыбыз таркай турган убак болуп калды.

Ошондо Заке, шарактагысы келген студенттей, оюн кургусу келген жаш балдай бизди жанынан кетиргиси келбей, (чөнтөгүнө акчасын алып чыгып алган, боорду эзип, бала эле бойдон болчу)

-Жүргүлө, бир жакка барып кенен сүйлөшүп отуралы. Убактыңар барбы? – деп калды.

Мен аябай сүйүнүп кеттим. Негизи жумуш көп эле. А баса, ошо Закем келээрден мурун эле Жаныш Кулмамбетов агай телефон чалып, бир олуттуу ишти айткан эле. Ошол жакка барганга убада бергем. Закенин бака-шакасынан анын баары эстен чыгып кетиптир да. Ойлонбой эле:

-Жүрү кеттик, атасынын көрү бир букту чыгаралычы ээ? – деп жыргадым.

Заке:

-Эй негизи менде деле бүгүн иш бар болчу, бирок, силер менен бүгүн бир отурайын. –деди.

Акжолдун жанындагы жаш акын балдарды күтүп туруп калдык. Аттиң, бирок жаш акын балдар өздөрүнчө 23-февралга карата кыздары куттуктамак экен, алар ошол жакка бара турган болдук деп кечирим сурап ары кетишти. Ичимден, “Кап ушу жаш балдар Закемдин жакшы кептерин угушса жакшы болбойт беле?” деп ичим ачыша түштү.

 Ошентип, элдин баары тарап, анан оюнга тойбогон балдардай Заке экөөбүз эле калып калдык. Негизи эле баштан ушул адатыбыз бар эле. Эмне жыйын болбосун, эмне той болбосун, эмне чыгармачыл кече болбосун, тээ аягына чейин бүтүрүп, анан дагы эмнеси калды бүтпөй калган дегенсип, “Нурборбордун” эски тааныштары ушинтип бири-бирин издеген блютуздай табышып, тартылышып калып калаар элек. Анан да андан ары майрамды улантып, бир бака-шака түшүп албасак, ал күндөрдүн шааниси чыкчу эмес.

Анан Ала-Тоо кинотеатрынын алдынан күн батышты беттеп аянтты көздөй, шамалга каршы бараттык. Айлана-теребел ушунчалык таптаза, анан ушунчалык бейпил, жүрөк сүйүнтөөрлүк эле. Шаңдуу эле. Ыр окуса тим эле жарашып калчудай. Анан дароо айттым:

-Ыр жазып атасызбы, ыр окуп бериңизчи?

– Эй мен бүгүн бир ыр жаздым деп кой, – классташ досуна бир сырын айтып аткандай жарым шыбыр менен, – “Кош бол Лондон” деген, – деди.

– Ии,

– Мен иштеген жерде, түгөттүкү жылда эле Лондонго мен бара турган болсом деле, башкаларды жиберип ийишет эй. Меники маданият тармагы болгон үчүн көп маани берилбейт да, атаңгөрү  Канча жылдан бери эле күтүп жүрөм. Анан ушуга жаман ыза болдум да.

“Кош бол Лондон”

Кош бол Лондон! Ырас, сенде болбогом,

Болбосом да сен жөнүндө ойлоном.

Кандай жаман – көрбөй туруп коштошуу –

Деген сабын укканда эле боорум эзилип жатып калдым. Өзү кошо каткырып ийди ырын токтотуп, анан акыркы сабын күлүп аты өзү араң окуду, – Кандай жаман ишке ашпаса болжогон.

Асылдыктар тумчугушуп коргондо,

Адам бүгүн бараткандай сол жолдо.

Трагедия бүт тарабы дүйнөнүн

Шекспирди жөнөт, Лондон, Дордойго.

Бул куплетин окуп бүткөн соң таап алган ойлоруна ыраазы болуп, мага мактаныч менен кашын кагып, эки колун баяндаган бойдон тык токтотуп туруп калды. Мен Шекспирдин дордойдо жүргөнүн элестетип, ичимден ыкшып атам.

Көзгө илбесең, баштайт окшойм чынымды,

Көрөсүң го буй кылам бул кылымды.

Вашингтон мен тууралуу сөз кылып

 Европа жаттайт менин ырымды.

Мен ого бетер аянтты жаңырта каткырып, Закем жанымда бараткан үчүн эч кимден коркпой каткырып, анын таап алган оюна ого бетер таянып, күчөп каткырып, өзүмө өзүм ээ боло албай:

-Увай Зайыр байке! Келе бешти берчи!!! – деп күү менен ага алаканымды тостум. Ал дагы эрксиз алаканы менен чак эттирип чаап коюп, кайра шашып кийинки куплетин окуй баштады.

Карап тургун барып бир күн Дордойдон,

Кадыр күтөм, каада күтөм Лондондон.

Тосуп чыгат королева, королдор

Шыкаалашат хан бийкелер коргондон.

Кош бол Лондон! Сенде такыр болбогом,

Болбосом да сен жөнүндө ойлоном.

Ошол кыргыздын борбордук аянтында бүт дүйнөгө жар салып, кайран акын күпүлдөп ушинтип ыр окуп баратты. Ал ыр эмес негизи арман окуп бараткан, бирок, аны өзү ыр деп ырга айлантып алып, тамашага айлантып алып, кызыктуу бир окуяга айлантып алып жыргап баратат.

Жанында мен анын улам бир айткан сөзүн көтөрө албай каткырып, жанында майрам түшүп бараттым.

Төрт куплет ыр. Эки мүнөткө жетпеген убакта окулду.

Ичимден “Ээ заманаң түшкүр, кээ бир адамдар арман-күйүттөн, ызадан да жыргал таба алышат ээ?” деп ичимден чындап суктанып алдым. Аны Заке байкаганы жок.

Неси болсо да Заке үчүн дагы, мен үчүн дагы бүт өмүргө жетээрлик сонун көз ирмем эле. Аттиң. адамдарча, сөздүн күчүнө жыргап, анын кудуретине күн чайыттай тийген борбордук аянтта тим эле киринип баратпадыкпы. Көрсө ал көз ирмем эч бир акыл да жеткис кудайдын бир сыры болгон экен.

Эмнегедир ошо дүкүлдөп ыр окуп атканда, бир сыймыктуу ой, кудайдын берген бир жакшы күчү бизге ыроолонуп жатканын сезгем. “Акындарча ушинтип жашап атабыз, карачы!” –  деп ошол жерде ким түшүнсө ошолорго мактанып айткым келген абалда болчумун. Ооба, өтө бир сыймык менен бараткам. Көптөн бери үмүт кылып, жасайын деп чыгынып, анан өзүнөн-өзү аткарылып кеткен ишке сүйүнгөндөй жыргап бараттым. Кубанып бараттым. Закеге бирок айткан эмесмин. Эмне сезсем баары өз ичимде калган.

Аттиң, Заке ошол ирмемди ал кандай кабыл алды болду экен ээ ошондо?.. Ал ирмем анын жүрөгүндө кандай таризде кетти экен…

Ошол учурда дүйнөдө канчалаган миллиардерлер башын мыкчып, жүрөгү сайгылашып атты экен. Канча миллионер бирөө менен сөгүшүп, бирөө менен калчылдашып жатты экен ким билсин? Ошондо үйдүн жанындагы дүкөндөргө, жумуштагы иштегендерге, типографияга кокодон карызыбыз бар Заке экөөбүз эч кандай муктаждыгы жок, өтө эле өтө бактылуу адамдардай Кыргызстандын бир бурчунда эмес, борборунда, биз дүйнөгө ыраазы болуп, дүйнө бизге ыраазы болуп, бака-шака түшкөн элек да. Тарых музейи, жанындагы Маданият министрлиги, Манас атабыздын эстелиги, желбиреп турган улуттук желегибиз баары-баары экөөбүздү жардана карап эркелете кол чаап атышкандай болгон ошондо. А кайран Заке, өз дүйнөсү менен гана алек болгонду билбей, ааламды сапырып-сапырып ойлой билчү, кыргыз үчүн ойлонбой туруп жан кыйып да жиберчүдөй жүрөгүн көтөрүп алып, тирүү басып бараткан болчу. Мен тирүү Зайырбек Ажыматов менен бараткан элем да. Кыргыздын борбордук аянты да аны менен толук эле ошондо. Аны менен көрктүү эле. Капарсыз эле. Аалам бүтүндөй эле.

Жөн баратпай ыр окуп баратканыбызды аянт ошондо кандай сыр кылды болду экен?

Эх! Эмнеси болсо да мен эми аянттан Закеме жолуккандагыдай маанайды таап алганым эле зор иш болгон экен да. Болбосо аянтта эмне гана окуялар, эмне гана элестер болбогон айткылачы? Кимиси эле ошондой жарык ирмем таап берди эле?

Эмне болуп ашканага келгенибизди да билбей калдык. Сөзүбүз түгөнчүдөй эмес. Аптыгып да сүйлөп атабыз, сөзүбүздү жеп да сүйлөп атабыз. Бирибиздикин бүтүрбөй бирибиз ооздон жулуп алып да сүйлөп атабыз. Каткырып да атабыз. Башты чайкап кайгырып да атабыз.

Тамак алдык. Демейде жолукканда бир суу сатып алып, ошону ичип отуруп деле олуттуу ойлорду бөлүшүп кете берчүбүз. Бул ирет эмнегедир, мындан кийин көп жылга тамак көрбөйсүңөр дегендей эле, аябай дасторконду жайнатып алдык десең. Бала кезден биз сүйүп ичкен айран да бар, апабыз жасап берчү блинчик да бар, салат, тамак, творог.

Мен Зайыр байкем менен ошондо көрсө акыркы ырыскылаш болгон экенмин. Ал ошондо бекеринен койнундагы болгон акчасын алып чыгып, барбалаңдабаптыр да.  Жашоону ыраазы кыла отурганбыз. Узун кепке кирип кеттик. Ошондо ачылып бир төгүлдү дейсиң. Эч эле мурун мен укпаган, туйбаган нерселерин айтып калып жатты. Мен улам сөздөрү топуктуу чыгып атканын сезип, улам диктофонумду алып чыгам. “Жаздырып алайынчы?” десем, унчуккан жок. Анан, ойлодум, азыр жаздырсам, анча төгүлбөй койбосун деп, жаздырган жокмун. Аттиң ай аттиң. Мени башка чабаар киши жок. Ошондой анын дирилдеп, төгүлүп-чачылып айткан сөздөрүн, жүрөгүнүн үнүн жаздырып алсам эмне?

Ал мага илибой учурда, каалаган күнү сурасам эле айтып бере салчудай сезилбедиби ошондо.

-Аябай сонун сүйлөп атасыз да, ушуну дагы сонун кылып, буюрса радиого сүйлөп берсеңиз ээ, аябай жакшы болот – деп жаагымды таянып, оозумду ачып аңкайып отурдум.

-Мен бала кезде башка дүйнөдө жашадым да – деп менин түйшөлүүм менен көп иши болгусу келбей, өзүнүн төгүлүп аткан оюнан чыгып кеткиси келбей сөзүн улады. – Көпчүлүк көп жага берчү эмес эле да. Анан жаратылышка эле аябай жакын болчумун. Жайлата токой ичине алачык тигип алып жалгыз жашачумун да.

-Коюңузчу. Тарзандай, Дерсу Узаладай болуппу? – каткырып жибердик.

-Чын. Ошентип жашаган жакчу болчу. Атайын баарын алып барып алчумун. Тайнем тамак алып келип берип койчу. Анан ошо кеч киргенден таң атканча китепканадан жыйып алып келип алган китептерди шам менен окучумун да. Байыркы кездегидей жерде жатып алып, шам менен нукура жашоодо китеп окуган жакчу. Тим эле керемет эле да. Толстой, Достоевский, Тургенев, Шолохов, Шекспир, Байрондорду окучу болчумун. Мен чын эле таптакыр башка дүйнө менен жашачумун. Дүйнөнү ошолор менен жүргөндөй эле элестетчүмүн. Чөптөр менен, таштар менен, суулар менен да, токой менен да сүйлөшчү болчумун. Мен ошол бойдон ошол дүйнөдөн айрылбай жашаганда менден кыйын акын чыкмак. Айылдагы китепканадан китеп калган жок мен окубаган. Сонун максат, сонун кыялдар окутуптур да. Азыр каяктан.

-Азыр деле кыйынсыз да.

Аябай олуттуу карап, чын дили менен башын чайкап, өкүнүп дагы,

-Жок. Боло албай калдым да. Мен ойлогондой болгон жок да. Тайнем мени эрте эле үйлөнтүп койду.  Аялыма “Мунун жанынан чыкпай, жетелеп жүрүп оокат кылдыр. Болбосо бул дербиш болуп кетет” деп  ошо мен элге кошулбай жалгыздап жүрө бергенимди көрүп, чочуласа керек да. Анан атаңгөрү тирилик башталды. Баягы дүйнө ошо бойдон жок болду. Өзүмдүн дүйнөм бар эле. Айылдагы үйдө атайын бөлмөлөрүм бар эле. Аларды бөлүп бөлүп алгам. Зайыр кабинет … дагы, дагы…

      -Азыр барбы ошол кабинеттер?

– Эми азыр мурдагыдай эмес да. Анан ошол он алты жашымдагы жазган ырларды азыр эстеп алып өзүм таң калам! – деп атасынын мүрзөсүн алгач көргөндөгү ырын окуп берди. Андан дагы токтой албай, эргип эки ырды окуду.

Чынында ошондо мен поэзиянын даамы кандай болоор экенин бир аз боолголоп таткансыдым. Бирок, чынында Зайыр акын өзү акындык дүйнөнүн бийиктиги кандай болоорун өзү серпилип айтып атса дагы менин ал сезгенчелик, ал өкүнгөнчөлүк, ал издегенчелик деңгээлде тааныганга күчүм жетпей отурдум.

-Менин ошол жаш кездеги ырларым чыныгы поэзияга сугарылган ырлар эле. Атаңдын көрү кийин дагы китеп чыгарам деп чогултуп жүргөн бир папка ырым бүт жоголуп кеткен. Калмурат каза болгонун уккандан кийин ошого кайгырып жүрүп, бүт паспорт, документтерим менен кошо жоготуп алгам да. Мына ошондо тээ бала кезден берки шумдук ырларым бар эле да. Ошолорду азыр деле издеп жүрөм. Кээ бирин эсте жаттап калдым го, бирок “Каганат” деген узун поэмам бар эле. Ошону жоготуп алганыма ичим күйөт. Дагы сонун дух менен жазылган ырлар бар эле. Атаңгөрү. Ал убакта да жашоо кыйын эмес беле. Китеп чыгаруу кыйын болчу. Өткөндө ошол менин саптарымды фейсбуктан бир жерден окуп калдым. Кадимкидей тааныдым да. Ошол азыр ал бирөөнүн колунда жүрөт. Акмалап, боолголоп акырын изилдеп жүрөм.

– Табылса керек. Биздин өлкөдө эле да. Өрттөнүп эле кетпесе.

-Ошо ал бирөөнүн колунда жүрөт. Табам буюрса. Азыр болсо мына эми, тирилик соруп койду да бизди. Болбосо, оо дүйнөлүк поэзия менен теңтайлаша жазсак деле жарашмак. Негизи эле ушул капитализмде кыргызда акын чыгышы кыйын, кийин-кийин эле бир жашоо оңолуп кетип, анан ошондо чыкса да олигархтын үйүнөн чыгыш мүмкүн. Жаратылыш менен сүйлөшө билип, сезимталдык менен дүйнөнү башкача көрө билгенге да өзүнчө шарт керек. Ал эч кандай быт менен иши болбошу керек. Мына ошондо гана ыр жазылмак.

Зайыр акынды мен ошондо эң биринчи көргөндөй, жаңы таанышкандай аны акындыкка болгон, ырга болгон бийик мамилесине аң-таң болуп отурдум. Аны өзгөчө баалап, ичимден аны менен болбогон бир тамаша, болбогон бир каяшаларды да айтып, теңелгим келген тентектигимди эстеп уялып да отурдум.

Токтоно албай сүйлөп отуруп, сөз арасында:

-Эй мен кээ бир анча жакшы жазылбай калган саптарымды дароо өчүрөм. Артымды дайыма тазалап жүрөм.

-Айий, тобоо аял болсонуз шумдук болмок экенсиз, – деп күлүп жибердим.

Каткырып калды. Анан унчукпай бир азга ойлуу отуруп, жай:

-Качан өлөөрүңдү ким билет, любой момент кетип калышың мүмкүн да, анан “Жанагы акын ушундай начар ырларды жазчу турбайбы?” деген сөз жаман да.

Мен аябай таң калдым. Анан жазып жүргөн күндөлүктөрүм, начар ырларды да ачкөздөнүп жыйып алганым, дегеле эмне тапсам, ошонун баарын жоготкум келбей эле элбе-делбе болуп жүрө бергенимди эстеп, ого бетер жүдөп кеттим. Бирок, сөзүз бүгүн барып баарын тазалайм дедим. Аны туурагым келди өзүнчө. Эл таң калгыдай, мени кечире албай кое тургандай деле укмуш акын болбосом да негедир, Зайыр акындын таасири мени ошо ойго жетеледи негедир.

Мен океандын кайрадан жаңы толкуй баштаган доошун уккам ошондо. Мен анын турушунан тээ көл түбүндө кол жеткис, эч алып чыгууга мүмкүн эмес болуп чөгүп жаткан жаркыраган жылдызын көрдүм ошондо.

Ичимден ушинтип оор ойго батып отурганымды Заке сезген деле жок, ал кайра эле мурдагысындай, бажаңдап каткырып биздин доорго эч нерсе болбогондой эле кайтып келе калгансыды. Жанымда жөпжөнөкөй гана адам болуп отуруп калды.

Анан мен кайра ага теңеле түшүп, мурдагы күндөрдөгү ал жөнүндөгү эстей бере турган окуяларын айткым келди.

-Билесизби, бир жолу Жазуучулар Союзунда Жаны толкундун балдары менен бир кечеге даярдык көрүп отурганбыз. Анан эле эшиктен ызы-чуу түшүрүп Алик Акималиев кирип келди.

-Ии,

-Шашылыш жүргөн экен, болбой ыр окутпадык беле? Анан ал кетип калгандан кийин, мулуюп эле унчукпай төрдө отургансыз. Жаштар ыр окуйлу деп калышты. Нурлан агай бошобой улам кирип-чыгып бир иштер менен жүрөт, ызылдатып. Биз аны күтүп аттыкпы, айтор ыр окуганга эч шарт болгону жок. Бир маалда Нурлан агай кирип келип отурганда эле, “Ыр окуйбузбу!” деп жаштар чурулдап калышты. Анан сиз эч эле ыр окугусу келбегендей кишидей моюбай отургандай болгонсуз. Шарт ордуңуздан тура калдыңыз дагы, терезе жакка бизден алысыраак барып туруп, сүйүнгөнүңүздөн денеңиз кошо учуп кетейин дедиби, тобоо, бир серпилип алдыңыз дагы курткеңиздин ичинен, койнуңузга катып алыптырсыз да, онтою келсе эле алып чыга калып окуюн деп жүргөн окшойсуз, жанагы Лениндин “Буткүл дүйнөнүн пролетариаттары бириккиле!” дегендей эле күү менен койнуңуздан капустадай оролуп калган ырларыңызды сууруп чыктыңыз. Баарыбыз бир чоң окуя болуп кетчүдөй эле болуп күтүп туруп калдык. Анан ошондо атаңгөрү өзүңүздүн ыргагыңызга өзүнүз бийлеп, “Казак келин” деген ырды шумдук окудуңуз… Жаш кыздар баары эле, казак келин болбосок да кыргыз келин эле болуп калбай дешти окшойт ичтеринен (калжаңдап каткырдым)…

Зайыр байке эки колун кайчылаштырып, столго салмагын салып алып, башын жерге салып, мыйыгынан жылмайып, башын ийкегилеп жыргады.

– Ошонуңузду эле эстей берем да. Мышыктай болуп, булар качан ыр уккусу келет, деп бизди аңдып жүрөт окшойт деп калгам – биринчи таң калып карап алып, анан жыргап каткыра баштады, а мен ого бетер күчөп – оо, менин ошондой шумдук ырым болуп, анан дагы койнумда катып алган толтура ырым болсо, келээри менен эле эй давай келгиле мен ыр окуп берейинби деп баарын тажатып алып окумакмын да, а сиз кыйынсыз да, элди күткөн жайыңыз бар. Сураттырып анан окуй билесиз. Аябай таң калгам ошондо сиздин ырга болгон мамилеңизге.

Зайыр байке, унчукпай, башын ийкеп, менин айткан тамашама макул болуп отура берди. Бирок, көзүнө мактаганым жакканы жок. Онтойсузданганын байкадым. Бирок, эмнегедир көзүнө эле ошол өзгөчөлүгүн айтып калгым келгенин карасаң.

Оо, анан сөзүбүз андан ары терендеп, тээ алгачкы “Нурборбор” Чыгыш 5 тарапта “Асаба” партиясы бизге берген офистеги кездерди эстедик. Ар жума сайын дем алыш күнү эртең мененки саат тогуздан дан кечки алтыга чейин деле күндүн кантип өтүп кеткенин билбей шумдуктуу таланттар бири-бирин издеп барып алып, тар бөлмөдө кайнаар эле. Шумдук сөздөр сүйлөнөөр эле. Шумдук ойлор айтылаар эле. Андагы Рыспай байкенин, Жаныбек байкенин, Акылбек Мамадалиев, Эркинбек Шейшенбаев, Манас Алымбаев, Макешова Индира, Улан Турдалиев баштаган жаштардын жигердүү демилгелери менен Абды агай бизди жетектеп, балапандай гана бизди торолткондугун эстедик. Афина Бакирова, Алтынай Ормотаева, Жазгүл Жамангулова, Сайра Батыркулова деген кыйын акын кыздарга кантип окшошом деп азап жегеними да жашырбай айттым. Кенжебек Алдаяр агайдын комузду жулкунуп, бирде созулуп, көздү катуу жумуп алып черткенин айтып жыргадык. Сары ооз балапандай аңкайган жанымдагы Рита, Гуля, Динара деген кыздарымды эстедим.

Кален Сыдыкова, Карбалас Бакиров, Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов сыяктуу улуу муундар менен болгон жолугушууларды, жыйындарды эстедик. Алгач сатираны мыкты жазган Алтынбекти, Бакай деген Таластык мыкты акындын а дан я га чейин жазган ырын, Махабат деген керемет кыздын келиши баарына майрам боло турган касиетин, Эллада менен Замирдин ошол жерден табышканын, Акылбек Мамадалиев ээрчитип келген Мирлан Самыйкожонун алгачкы келгенинде аппак көйнөк кийип алып, Нурборбордун босогосунда атасына арнаган ырын окуганын, Таалай Иманкуловду таежеси алып келип арабызга кошконун, аны кечке аккордеон черттирип Ырыспайдын ырларын жыргап укканыбызды дагы эмне эсиме келсе баарын элжиреп эстеп, жебиреп айтып берип жыргап аттым. Алтынай Темирова бизге дүйнөлүк адабияттан сабак бергенин, Мамат Болот агай бизге шумдуктуу көнүгүүлөрдү үйрөткөнүң, Медер Итибаев бизге бекер тай-цзи  менен машыгууга үйрөткөнүн, ага жалкоолонуп ал шансты да колдон чыгарганыбызды эстеп бармагымды тиштедим.

Данияр Исановдун “Тагдыр жана тасма” деген китеби чыкканын, анын үйүндө далай ирет майрамдаганыбызды,  Шайыр Абдрахмановдун “Чечен айтышты” Рыспай байке, Болот агайлар менен биригип долбоорун иштеп чыгып, таң атканча ошол офисте иштеген күндөрү болгонун, Жылдызбек, Амантур, Кубаныч баштаган чечендердин тобу түзүлгөнүн,  Калмурат байкенин комузун тындырбай ырдата берерибизди, укпай койсок, “радиого жакшы киши, укпасаң деле ырдай берет” деп таарынганын, деги койчу, баарын-баарын эстегибиз келип, кайсы бирин айтып жетишээрибизди билбей жаттык.

-Ошондо мен тирилик менен жүрүп, силерге көп аралаша алган жокмун – деп өкүнгөнсүдү.

-Ооба, сизди көп көрчү эмесмин. Сизди ошондо алгачкы көргөнүмдү да көп эстейм.

-Ээ, эмне болду эле?

-Анда Манас байкенин (Алымбаевдин) 5-курсунда “Чаңгеттин чабандеси” деген китеби чыгып, анын бет ачаары болуп университетте, андан соң офиске келип жыргап майрамдап атканбыз. Ошондо кечке жуук, эл тарап калайын деген убакта сиз келдиңиз. Кызуу экенсиз. Зайыр деген ушул деп күбүр-шыбыр болуп калдык. Анткени, сиздин ырларды окуп калышаар эле, Калмурат байке, “Ай жалгыз” деген ырынызды боздоп ырдаар эле да. Анан келдиңиз да, офистин кире беришиндеги столго отурдуңуз. Манас байке мулундап китебин колуңузга берип, “Карачы, китеп чыгардым Заке” деп сүйүндү. Биз дагы бүгүн бет ачаары болду, деп жарданып сизге айтып жатабыз.

Анан сиз дүйнө кыдырып жүргөн дербишчесинен, ойлуу Манас байкен  карап туруп, кайра башыңызды аябай салмактуу, шалак эткизе жерге салып: “Түбү жок кудукка түшүпсүң!” дедиңиз.

Чурулдап-чуркурап көбү деле маани бергени жок окшойт ал сөзгө, билбейм, бирок ошол сөз мени аябай ойлонткон да. Тобоо, – деп анан кайра калжыңым кармап кетти –  Анан, ошол кудукка Манас байкемди түртүп туруп өзүңүз чыгап алган экенсиз ээ? – деп башымды чаап каткырдым дагы, таарынтып алдымбы деп кайра жаным чыгып кетти. Бирок, ал анчейин деле ага маани бергени жоктой, ойлуу башын ийкеп, оор үшкүрдү.

Манас азыр кайда, эмне кылып жүрөт болду экен деген тариздеги ойду экөөбүз бири-бибирбиздин көзүбүздөн окудук. Бирок, сөз кылгандан корктукпу. Айтор, эч эле ага сөз тийгизгибиз келбей андан айланып өткүбүз келгенин сезе койдум да,

-Ии баса, баягы Бешакында катышкандагы фокусуңузчу. Тобоо, аябай таң калгам ай, ошону кантип жасайсыз?

-Эми ал, айла жоктун эле иши болчу да, же элдердей Манас айта албасам, же сендей акыйнек айта албасам, анан бир нерсе кылып кутулуш керек болду да – деп ыкшып күлүп жиберди.

-Жо-ок эй, тетирисинче, мага ошол аябай таасир эткен. Жетимиш Доскаевти деле ээрчисениз өлмөк эмес экенсиз – деп каткырдым. Ал да жыргап каткырып калды.

Ээ ошентип, көп тамашанын бирин айтып кайра мурунку капарсыз жашоону улап кеттик. Ошентип ал күнү түгөнбөгөн сөздөрүбүздү кошо столдон жыйнай кеткендей, ашканадан чыгып баратып да бажылдап аттык.  Сыртка чыкканда аны Кыргыз драма театрынын артына чейин ал машинесине барганча жанынан кетким келбей эле ээрчип бараттым. Жолдон мени Жибек-Жолунан таштап коймок болду. Ошол машинеде кетип баратып:

-Ошо Коке, мен эми чыгармачылык менен гана иштейин деп атам. Балдарыма, аялыма айтам. Үйдө деги шарт бар. Оокатыбыз кудайга шүгүр. Мени бошоткула дейм. Жумуштан чыгып алып, баш отум менен чыгармачылыкка кирбесем, – деп аябай бир шумдуктуу энтузиазм менен машинесин зуулдатып баратты.

– Ооба да, сонун ырларды жазмаксыз дагы.

-Эй биздин муун ушу китеп окуганга деле чолобуз болгон жок да тирилик деп жүрүп. Азыркы муунга ачыгын айтканда билим жетишпей жатат. Мен дагы Асаба гезитинде иштеп калып, Алым Токтомушев, Түгөлбай Казаков, Эрнис Асек уулу сыяктуу билимдүүлөргө туш келип алардын школасынан өтүп калдым да.  Дүйнөлүк адабиятты тим эле семичкедей чагышыбыз керек да.

– Ошо да. Бизди убагында аны оку, муну оку деген деле киши болбоптур. Жетелеген деле киши болгон жок. Анан колго тийгенин мойсодук да.

Күлүп жиберип.

-Ошо эмнени окуш керек. Ошону билип анан окушубуз керек да.

-Келиңиз, ушу жумасына бир жолубу, эки жумада бир жолубу жолугуп, окуган китептерибиз жөнүндө бири-бирибизге айтып берип, талдап, ыр окушуп турбайлыбы?

-Ооба, буюрса жасайбыз ошону.

Ошентип Жибек-Жолуна жетип калдык. Мен болсо эч эле эч нерсе капарымда жок, дагы көп ирет тажагыча жолукчудай болуп, өтө деле жакшы коштошпой эле машинеден түшүп кеткем. Заке да эч оюнда жок эле “давай” деп машинесинде калды.

Жибек-Жолунун айлампасында, светофордон  өтүп баратам. Заке машинеде менин өтүп кетишимди күтүп карап турган. Анан мен аны көрө салып, аны жаңы көргөндөй, эрксиз жылмайып, колумду булгаладым. Ал дагы колун көтөрдү.

Ошо… Ошо бойдон Закемди эч көрбөй калдым. Акыркы сапарына узатууга барганда да табыттан жүзүн көрүүгө улам бири барып жатышты. Эмнегедир мен бара алган жокмун. Заке баягы колун көтөрүп, мен кол булгалаган бойдон зуулдаган машинеде сапарын улап баратканын гана эсимден өчүрбөй калтыргым келди.

Өххх! Көрсө адамды жоготуп коюу бат эле тура. Эми жаштар биз Закемдин үмүтүн орундатып дүйнөлүк адабият окуйбузбу? Жакшы акын болобузбу, же чын эле акын чыкпайбы? Кийинки күндөр кандай уланат? Анын баары азыр Закемдин жумулуп калган көздөрүндөй баары белгисиз бойдон турат. Өмүр уланып атат. Ал кандай уланып атканы менен эч кимдин деле иши жоктой, өмүрдүн өзүнүн деле иши жоктой…

Ушул эскерүүнү негизи жазбашым керек эле. Мен Зайырбек Ажыматов дүйнө салыптыр дегенде алжып калганым үчүн аны эстегенге да күчүм жетпей калса жарашмак. Ооба сонун жарашмак.

Дүйнө табышмагың менен таңдандырганыңды качан коесуң?

    Ээ, Зайыр байке деген маданият дегенде бирөөнүн колуна өлүп берчү жердей тытынып иштечү эле да. “Бүгүн жем таап келейин деп көчөгө чыктым!”, – деп калаар эле. Дайыма маданий иш-чаралар өткөрүлөөрдө элден биринчи келип, болуп жаткан иш-чара менен толук иши болоор эле, бүт тулкусу менен кабыл алып, ар бир маанилүү суроонун үстүндө ойлонуп,  интервью алып, анан дагы кайран ай, маалыматты кечкиге эфирге берип жетишип калайын деп, жакшы концерттин, жакшы поэзия кечесинин, жакшы спектаклдин да аягына чейин моокуму кана көргөнгө чамасы жетпей, өмүргө кандай тойбой кетсе, ошондой ыза менен буту күйгөн тооктой азаттыкка чуркаар эле. Тызылдап иштээр эле. Чырылдап иштээр эле. Биздин да жаныбызды койчу эмес. Спектаклдерди көргөндө сөзсүз түрдө бүгүнкү заманга кантип байласам экен, кандай өзөгүн сууруп чыксам эл кабыл алат болду экен деп, дайыма ой үстүндө жүрөр эле. Акыркы сапар Данияр Жанжигитовдун үй маселеси туурасында сонун социалдык көйгөйдү чагылдырган матариалын ар ким менен жакалашып, ызылдашып жүрүп азаттыктын сайтына жайгаштырып жалпы журттун назарын бурду. Аябай сүйүнүп, атайын телефон чалып, ыраазы болдум. Айлыгы аз артисттердин мышык ыйлаган жашоо шартын дагы улантып айталы, тарталы деп сүйлөшкөнбүз.

       Өтө эле боорукер анан чынчыл эле. Аттиң ай, аттиң. Ичим ачышып атпайбы, кантем. Биз эми андай бүт жан-турпаты менен маданиятка сиңип кеткен адамды кайдан табабыз, мен эми ким менен чын жүрөктөн ишетешем. Эч эле жоготконубузга ишенбейм. Кайсы бир маданий иш-чарада камера көтөргөн баласын ээрчитип, өзү микрофон көтөрүп, жонуна чоң сомкесин асынып алып, жаркылдап бир бурчтан чыгып кала тургандай боло берет. Жок, издейм, таппайм. Анын ордуна антип чуркап репортаж жасап, чыркырап жүргөнү деле көрүнбөгөнсүйт. Аңгырайм, ичим күйөт, жиним келет, шаабайым сууйт. Көрүп аткан жакшы иш-чаранын да мааниси жок болуп кетет кээде. Ээ, Зайыр байкоов, эми сени кайдан табабыз. Жаңыдан билигиңди чоңойтуп, жарыгыңа эл журтуң эми ыр окуюн деп отурбады беле…

***

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында укмуш сыр болду. Султан Раев, маданият министри, Шайлообек Дүйшеев ага жана Нурлан агайлар сүйлөштү. Нурлан агай, жаны ачып, жер жарылып кетсе, артыңыздан эле сизге ойлонбой барчудай сөгүлүп ыйлады. Жалпы калайыкты ыйлатты. Атабыздай болуп калган ак чачына үнүлүп биз ыдырап ыйладык. Мирлан Самыйкожо ажалыңа көгөрүп, өчөшүп ырыңызды окуду, ага кошулуп баарыбыз ыйлап атып ыр окудук. Ошондо жарыктык, асманды карасак, куштар айланып учуп жүрдү. Сизди асманга учуп чыгат, жерде сөөгү тоңбойт, сөөгү чирибейт, тили катпайт, мына биз турабыз го, аны өлтүрбөйбүз деп баарыбызды сооротуп айланып учуп жүрүштү. Качан сөөгүңүздү алып чыгып, сиз түбөлүк үйүңүз менен, чырылдаган балдарыңыз менен кош айтышып кетип баратканда ошол куштар сиздин сапарды коштоп учуп кетишти. Эки күн бою нөшөрлөп төккөн күн ошол күнү сиздин мунданып жүрүп күлүп жибере турган адатыңыздай, бир жарк этип берди. Ошо, ошентип биз болсо кайран сиз тажап да, кайра сүйүп да жашаган жалганыңызда жалдырап кала бердик.

          Бир жумадан соң үйүңүзгө куран окутканы барганбыз. Сөөк жаткан жерге кечиндеси шам күйгүзүп коюшат тура. Жеңем, балдарыңыз айтат, бир күнү тан атканча шам өчпөй күйүп тура бериптир. Жайыңызга барып куран окутуп келген соң дагы эле өчпөй турган экен. Анан улам-улам куран окуп, келме келтирип жанында отурган соң бир заматта баягы шам күйүп түшүп калды дейт. Мына ушул сыяктуу сырларды көргөн соң, паралеллдүү жашоо бар экен го деп ишенип калдым. Бул сырды да Мелис айтып жатканда, сөөк жаткан жерде шам күйүп турду. Бүлбүл шоола тараткан шамдын отунан мен сизди көрдүм. Сизди туйдум. Сиздин ырыңыз жай окулуп жаткансыды. Сиздин дүйнөңүз таптаза оттун жалынындай болуп караңгылыкка улам сиңип кетип жатты. Бирок, ага да моюн бербей кайра-кайра күйө бердиңиз. Күйө бердиңиз.

Көксөөм суугансыды.

Үйгө баратып,  илгери “Эмнеге адамдар маршрутта унчугушпайт?” деп тетири жашагыңыз келип, маршруткада айылдыктарча атайын бакылдап элди чоочутуп сүйлөгөнүңүздү, мен биринчи балалуу болгондо “Нурборбор” менен чогуу келип, анан сиз эрте кетем дегениңизде Мирлан шүмшүк койнуңузга чийки койдун жилигин катып коюп, анан кайра сизди уурдап алды деп алып чыгып, биз баарыбыз боо түшүп каткырсак, Мирланга таарынып кеткениңизди, дагы ушу сыяктуу жерге жакын, дүйнөмө жакын, жөнөкөй бирок аябай кызыктуу да, өтө кымбат кездериңиз көз алдыман чууруп өтүп машинеде Жыргалга баарын токтолбой айтып алып ыйлай бердим. Ыйлай бердим. Мен сыяктуу канча кыргыз ыйлады. Ушунун баарына убакыт бөлүп, кантип ар биринин жүрөгүнөн орун алды экен деп сизге танданам. Көрсө, элдик адам деген ошон үчүн элдик делет тура.

Дагы көп ыйлаарбыз. Биз сизди чынында жоготкубуз келген эмес.

Жаткан жериңиз жайлуу болуп, жараткан бейиштен жай берсин! Кошуңуз Зайыр байке!

Автор: Кыял Тажиева

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *