«Евровидение» эл аралык ыр сынагы Израилде расмий түрдө ачылды

Мезгил

«Евровидение» эл аралык ыр сынагы 12-майда Израилде расмий түрдө ачылды.   

 Ага 41 өлкөдөн келген ырчылар катышууда. Салтанаттын сыйлуу коногу катары Тель-Авивдин мэри жана «Евровидениенин» буга чейинки жеңүүчүлөрү чакырылган. Ошондой эле бул сынакка  байкоочу катары Верка Сердючка да  келди.

Маалыматтарга ылайык, аталган шаардын коопсуздугун 20 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. Ыр-таймаш 14-майдан 18-майга чейин өтөт.

Эске салсак, «Евровидение» сынагы 1956-жылдан бери уюштурулуп келет.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *