Facebook компаниясы коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандар менен күрөшүүдө

   Мезгил

Facebook компаниясы  коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандар менен күрөшүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка ылайык, бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан Ухань шаарынан чыккан вирустун жаңы түрү коронавирус эл аралык деңгээлге жеткенин моюндашууда. Ошону менен катар бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму баардык өлкөлөргө коронавирус тууралуу такталбаган маалыматтарда жана ушактарды жеткирбөөнүн аракеттин көрүшөрүн билдиришти.

“Биз жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмдарына жалган билдирүүлөрдү жана арыздарды калтырып жаткандарды өчүрөбүз. Антпесе элдерге чоң залакасы тийип, жалган маалымттарга ишенип калыштары мүмкүн”-  дейт   Facebook жана Instagram компаниялары.

Эске салсак, 2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Учурда  вирусту жугузгандар 10 миңге жетти. Ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 200гө жакындаганы айтылууда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *