“Фантомас” Адил Турдукулов жаңы бет кабын кийди

   Мезгил

Адил Турдукуловдун «Фейсбук» баракчасындагы маалымат:

«2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары – Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновалар «Альфа Телеком» ЖАКынын 50% акциясын сатууга кызыкдар болгондугу тууралуу Борбордук Американын мамлекети Белизден келген документтер далилдээрин айтып, көрсөтүп чыккан. Бул жасалма документтер КТРК аркылуу активдүү чагылдырылып, депутаттардын үстүнөн текшерүүлөр жүрө баштаган.

Бирок УКМКга Белизден официалдуу түрдө эч кандай документ келбегендиги белгилүү болгон. Демек Сегизбаев кызмат абалынан пайдаланып, жогорку аты аталган кишилерди каралоо аркылуу жасалма жана элементардык калпычылык менен шугулданган.

Башкы прокурорго Сегизбаевге юридикалык баа берип, анан жоопкерчиликке тартуу боюнча кайрылуу жибердим. Менин кайрылуумдун номери № 34699»

2016-жылы Абдил Сегизбаев президент Атамбаевге 2012-жылы 4-апрелдеги траст боюнча документти көрсөтөт. «Саутфильд» (Белизден) офшордук компаниясы ал кезде «Альфа Телеком» ЖАКнын («MegaCom» соода маркасы) 50% акциясына ээлик кылып турган. Көрсөтүлгөн документте 22% (8+7+7) акцияны 3 бенефициарларга (ЖК депутаттары, аттары жогоруда аталды) берүү боюнча маалымат болгон. Эгерде «Саутфильд» 2015-жылдын 1-январына чейин «Альфа Телеком» ЖАКнын акцияларын 50 миллион доллардан ашык суммага сата алса, аталган 3 депутат белгиленген акцияларга автоматтык түрдө ээ болушмак. Тилекке каршы соттун чечими чыгып, 50% акция Кыргызстандын пайдасына калганда бул тараст күчүнө кирбей калат. Үч депутатты бул ишке кызыкдар катары айыпташкан.

 Кийин бул айыптоо суу кечпей калат. Ал тургай Атамбаев өзү да «Апрель» телеканалына 2018-жылдын 20 ноябрында маек берип жатып Абдилге бирөөлөр жасалма документти суна койсо керек деген пикирин айткан. Мына ушул жагдай бүгүн Адил Турдукуловду «жаңы баатырга» айлантып олтурат. А чындыгында Адилдин Абдилди сотко берүү аркылуу көздөгөн түпкү максаты эмнеде?

1) Орустардын «Русская Весна» сайты (макаланын түп нускасы) жарыялаган чуулгандуу макалада Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Нурбек Токтакуновдор АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (БЧБ – ЦРУ) менен тыгыз байланышта болгон, агенттер деп жазылган. Бул тууралуу кыргызча «Кыргызстандагы АКШнын агенттеринин Кой-Таштагы окуяга тийешеси бар…» (https://mezgilnews.kg/kyrgyzstandagy-akshnyn-agentterinin-koj-tashtagy-okuyaga-tijeshesi-bar/) деген котормо-макала да жарыяланган. Адил өзү тууралуу жазылып жаткан «АКШ БЧБсынын кыргыз агенти» деген сөздөн элдин пикирин жазгыруу үчүн партиялашынын, үзөңгүлөшүнүн быкыйын чукуп, курмандыкка чалды. «Жылаңач баатырга» айлангысы келип жатат.

2) 21-август күнү «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун абактан акталып чыга турган кадамдар жасалды. Мурдагы сот иштери жокко чыгарылып, иш Биринчи май райсотуна карап чыгууга жиберилди. Адил абактан али чыга элек Текебаевдин жолун тазалап, колуна «шыпыргы» алып тосуп ала турган болду. Эмне үчүн ал Абдил тууралуу мурда арыз жазган жок?

3) Адил КСДПнын 2019-жылдын 6-апрелдеги XVIII съездинде партиянын саясий кеңешине мүчө болуп кирген. Ошол эле кезде «Атамбаев партиянын башкаруусун менин колума берем деди» деген партияны башкаруу боюнча пикирин кыйыткан (https://rus.azattyk.org/a/29867922.html). Адилдин максаты лидери түрмөдө олтурган КСДПны башкарууну колго алуу.

4) Адил 7-8-августтагы башаламандыкка аралашып, бирок, жооп берүүдөн качып, бийлик тарапка ооду. Бийлик тарап кабыл албаса Текебаевге жагынуу аракетин баштаган кербези.

5) Адил тууралуу кыпкыргызча айтканда Абдилдин үстүнөн жөн эле, эригип олтурганча деп арыз тоголотуп койду. Куушканга кыпчылгысы келди.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *