Фарид Ниязов 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

  Мезгил

Президенттин аппаратынын  мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

  Фарид Ниязовду 20 жыл эркинен ажыратуу коркунучу бар. Бул туурасында анын адвокаты билдирди.

Фарид Ниязов 2019-жылы 7-8-августагы Кой-Таш окуяларына катыштыгы бар деген жүйө менен кылмыш иши козголгон.

Ниязовга кылмыш жаза кодекси боюнча бийликти күч менен басып алууну уюштуруу, барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, кайсыл бир жактар менен сүйлөшүп алып куралдарды тартып алуу, тергөө органдарына карата зомбулук колдонуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу деген 7 берене коюлууда дейт юрист.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясына шектелген адамдардын саны 19 га жетти.

Эки шектелүүчү- элдик штабдын мурунку жетекчиси Кыяс Смаилов жана  “Дан” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Алга Кылычевдин тергөө иштери өзүнчө өндүрүштө каралат.

Кой-Таштагы 7-8-августагы окуялар тууралуу Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогон.  Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына бир нече беренелер боюнча айыптар коюлган алар: “Массалык башаламандык”, “Ээнбаштык”, “Киши өлтүрүү”, “Өлтүрүүгө аракет кылган”, “Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук же коркутуу”, “Бийликти басып алууга аракет кылуу”, “Мыйзамсыз курал жарак алуу жана барамтага алуу”

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *