Фарид Ниязов 9-февралга чейин камакта калтырылды

Мезгил

Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-февралына чейин №1 Тергөө абагында камакта калтырылды. Мындай чечимди кечээ, 28-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

 Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-8-августтарында Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында камакка алынган Атамбаевдин тарапташтарынын баш коргоо чарасы кечээ 28-ноябрда каралды.  

Сот мындан сырткары, Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиевдерди да абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Алар жарандарга расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана барымтага алуу беренелери боюнча айып тагылууда.

 Эске салсак, Фарид Ниязов Атамбаев президент болуп турганда президенттин аппарат башчысы болуп турган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *