Фарид Ниязов: Атамбаев Жээнбеков менен сүйлөшөйүн десе ал болбой жатат

    Мезгил

Бүгүн, 24-майда КСДП партиясынын маалымат жыйыны өттү. Жыйында мурдагы президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов Атамбаев Жээнбеков менен сүйлөшөүн десе ал болбой жатат дейт.

“Экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы президентке жолугуп, сүйлөшүүнү бир канча жолу сунуштаган, бирок Сооронбай Жээнбеков баш тартып койгон” деди Ниязов. 

Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков макул болбой жатат. Тактап айтканда, баш тартуу «Ак үй» тараптан болууда.

«Сооронбай Шарипович Атамбаевге каршы туруу маанисиз экенин түшүнгөндө туюкка кептелет», -деди ал.

Фарид Ниязов бийликтин негизги максаты-Алмазбек Атамбаев экенин айтты. Ошондой эле мурунку президенттин өлкөдөн да саясий аренадан да кетпей тургандыгын кошумчалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *