Фарид Ниязовго үн бүттү, бул да Атамбаевди сатканы калганбы?

Мезгил

Эсти оодарган Кой-Таш окуясынан соң Фарид Ниязовду шок болуп калган дешти эле, кандай опурталдуу жумушка башын салып алганын эми туйду окшойт, ага үн бүтүптүр. Кой-Таш окуясы боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссияга ачык кат аркылуу кайрылыптыр. Катта маркум Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, чыныгы күнөөкөрлөр жазасын алсын деп кудайдан тилеп олтурганын, өзүнүн дарегине жана Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтарына коюлган айыптар абсурд экени, ойдон чыгарылганы тууралуу айткан.

Андан соң мамкомиссияга 7 суроо жолдогон. Суроолорунда УКМКнын баштапкы операциясы массалык башаламандыкка себеп болгонун, ал фактыны иштен чыгарып салышканы, ошол операцияны уюштурган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери эмнеге жоопкерчиликке тартылбаганы, “Альфа” жоокерлерин ким сактап калганы, кимдер аларга көмөк көрсөтпөй койгону, Атамбаевдин тарапташтары элди тынчытып турганы, эмне үчүн Форумду көздөй барышпаганы, Атамбаевдин 8-августка караган түнү кайрылуу жасаганы эске алынбаганы боюнча суроолорду берген. Ошондой эле комиссиянын жыйынына катышып, бардыгын төкпөй-чачпай айтып берүүгө даяр экендигин баса белгилеген.

Атамбаевдин тарапташтарынын саны улам барган сайын суюлуп барат. Алгач Алга Кылычев баш болуп, андан соң Амантур Жамгырчиев тергөө менен кызматташууга барууга ниеттенип жаткандыгы айтылып келет. Ал эми Фарид Ниязов да мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшкүсү келип, кыйшая баштаганы неден кабар берет? Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дечү беле?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *