Фейсбук компаниясы 3 миллиарддан ашык фейк аккаунттарды өчүрдү

   Мезгил

Фейсбук компаниясы жарым жылда 3 миллиарддан ашык фейк аккаунттарды өчүрдү.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой,  аталган корпорация акыркы убактарда жасалма аккаунттарды аныктоодо бир топ ийгиликтерге жетишкенин жар салды.

Андан тышкары, чектен ашкан жарнамалар камтылган 4 миллиард билдирүү жана зордук-зомбулукка байланышкан   54,5 миллион билдирүү өчүрүлдү.

Эске салсак, 2018-жылдын октябрь айынан баштап 2019-жылдын март айына чейин 3 млрд аккаунтту  спамдарды жайылтканы  үчүн өчүрүлгөн. 

  Компаниянын өкүлдөрү 2018-жылдын октябрь айынан баштап декабрга чейин 1,2 млрд, ал эми  2019-жылдын январь айынан тарта мартка чейин 2,2 аккаунтту өчүргөнгө жетишкен.  

 Буга чейин бир нече ирет Facebook социалдык тармагы спам жана фейк маалыматтарды жайылткан аккаунттарды  өчүрүүсүн эскертишкен. Мисалы  март айында Facebook Россияга тиешелүү болгон  1907 баракча, тобду жана аккаунттарды  социалдык тармактын талаптарына  ылайык келбегиндиги үчүн  өчүрүүгө аргасыз болушкан.

Мындай чечимге Facebook   АКШ мамлекети  алардын  платформасын «россиянын троллуна» колдонууга уруксатын бергендиги жана 2016-жылы АКШда болуп өткөн шайлоого кийлигишти деген күнөөсүнүн  негизинде фейк  аккаунттарды өчүрө баштады.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *