Феликс Кулов: Атахановдун айтканы логикага сыйбайт

   Мезгил

Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу жөнүндөгү атайын операция тууралуу Феликс Кулов үн катты. Ал буга ишене бербейт, ал тургай Атахановдун айтканы логикага сыйбай тургандыгын билдирди:

“ОДКБ өлкөлөрүнүн ортосундагы келишимдерге ылайык, биз бири-бирибизге каршы чалгындоо иштерин жасабайбыз. Ал эми сурак протоколунда Жаныш Бакиевди уурдап кетүү үчүн атайын операция жасала тургандыгы айтылып жатат. Бул өзүнчө эле фантастика. Мындайды ким ойлоп тапты экен? Менимче, Атаханов айткан нерсеге аталган кишилер бармак эмес. Деги эле Мамдуманын депутаты Делимханов деген ким өзү? Ошол Бакиевди кармап, өткөрүп берет бекен? Атүгүл муну мыйзамдуу жол менен жасаш кыйын. Бандиттерди эле жалдашпаса. ​

Конвенцияга катышкан өлкөлөр бирөөнү өткөрүп берүүдө дал ошол конвенциянын алкагында гана иш алып барат. Атахановдун көрсөтмөсү чындыкка коошпой турат. Минтип билимсиз саясатчы же билимсиз юрист гана айтышы мүмкүн. Менимче бул, коррупциялык көп нерселерди жашыруу үчүн​ атайын ойлонуп табылгандай”, – деген Феликс Кулов.

Атамбаевдин тарапташтарынын ойго келбеген нерсени айтып, эптеп “атайын операция” эле деген шылтоо таап, “кожоюнун” абактан куткарып калуу амалдарынын бети акырындап ачыла баштады окшойт. Ал эми Шамил Атаханов көрсөтмө берип жатканда калпты ченеп айтып, “жомокту” фантазиясына ченеп токуса болмок экен?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *