Феликс Кулов: Аялымды Батукаевдин карындашы мени хизбут-тахрир кылып жиберишти

Мезгил

Аялымды Батукаевдин карындашы мени хизбут-тахрир кылып жиберишти. Бул тууралуу “Ар-Намыс” партиясынын лидери  Феликс Кулов маасалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып билдирди.

 Анын айтымында айрымдар ар кандай версияларды айтып жатышат. Элдин арасында оозу боштор толтура. Ар нерсени айта беришет. Бул ага көнүмүш нерсе болуп калган.  Ким саясатта болсо ал тууралуу ушундай ушак сөздөр болот. Бул нормалдуу эле көрүнүш.

-Батукаев менен менин мамилем бар дешүүдө. Менин аялымды Батукаевдин карындашы деп, мени хизбут-тахрир деп “Дело№” гезити ушак чыгарды. Турсунбай Бакир уулу мага “Феликс Шаршенбаевич, сиз номур биринчи хизбут-тахрир болсоңуз, экинчи номур мен болоюн” деп тамашалап күлдү. Биринчи аялым татар. Атасынын аты Момокон болчу. Азыркы аялымдын атасынын аты Корош. Ушундай ысым чечендерде барбы же жокпу? Атасы адигене уруусунан, апасы сарыбагыш.

“Феликс Кулов Батукаев түрмөдөн чыккандан баштап байланышта болуп, аэропортко узатканы барган” деген сөздөрдү партиядагы балдардан уктум. Бул эми күлкү келерлик-дейт Кулов

“Ар-Намыстын” лидери колунан кармап албагандан кийин бирөөнү каралоо туура эместигин акча роль ойногонбу же жокпу, аны тергөө аныктарын, бирок, Батукаевдин карындашы  мынча акчаны бул жакка бергенбиз деп айтып жатканын кошумчалайт.

– Акча боюнча Нариман Түлеевдин маегин окудум. Нариман өзү изилдөө өткөрсө керек. Түрмө башчысы “больничный” алган, орун басары дагы жумушка чыкпаган, старший опер бошотуу жөнүндөгү көрсөтмөгө кол койгон, Рысалиев арткы дата менен буйрук чыгарды” деп айтып жатат. Мен муну билген эмесмин-дейт Кулов

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *