Филармония толугу менен оңдолуп бүттү (фото)

  Мезгил

Президенти Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

 Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти. Айланасындагы территорияны жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.

Алар маалымдашкандай, филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү.

Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

Бул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот.

 Филармония акыркы жылы 2007-жылы ремонттолгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *