Финпол: “Азаттыктан” чыккан 6 миллиард акча каражаты “Кара-Суудагы”, “Дордойдогу”, “Мадинадагы” ишкерлердин акчасы

Мезгил

“Азаттыктан” чыккан 6 миллиард акча каражаты “Кара-Суудагы”, “Дордойдогу”, “Мадинадагы” ишкерлердин акчасы болуп чыккан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтынын жетекчиси Бакир Таиров бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) “Азаттыктан” чыккан материалдар боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп, маалымат алып, баардык жактан тактоо жүргүзгөн.

– Биздин маалымат боюнча, ай сайын 3 миллион долларга жакын акча чыгып турат. Азыр бизге бул каражат “Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” базарларында иштеген ишкерлердин импорттук акчасы деген маалымат келип жатат-деди Бакир Таиров.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтынын жетекчиси “Дордойдо” иштеген ишкерлер акча которуунун ушундай жолун табышканын 15, 20, 30га жакын ишкер чогулуп акча которушарын кошумчалайт.

– 6 миллиард боюнча да текшергенбиз, “Кара-Суудагы”, “Дордойдогу”, “Мадинадагы” ишкерлердин акчасы болуп чыкканын –деди Бакир Таиров

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *