Финпол: Бюджетке дагы 280 миллиондон ашык суммадагы акча өндүрүлдү

   Мезгил

   Финансы полициясы мамлекеттик бюджетке 280 миллиондон ашык суммадагыакча өндүрдү.  Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашты.    

 Финполиция  Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен келип чыккан талаптарга ылайык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жаткандыгын билдирди.  

Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧК карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллиондон көп сом өндүрүлгөн.

Азыркы убакта, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *