Финпол Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшере баштады

  Мезгил

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө карата сотко чейинки тергөө ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “мыйзамсыз баюу” жана “кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу” беренелери боюнча катталган. Анын негизинде Финполиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

“Учурда аталган соттук териштирүүнүн алкагында депутаттын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат”-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын айтып чыккан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *