Франция Иранга авиа кырсыктын келип чыгышынын себебин иликтөөгө жардамга кол сунду

    Мезгил

Франция Ирандагы авиа кырсыктын экспертизалык иликтөөлөрүнө жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.   

Франция экспертиза иштерине өздөрүнүн салымын кошоорун билдиришкен.  

“Учакттын эмнеден улам кырсыкка кабылганы тууралуу эл аралык деңгээлде иликтенип чыгыш керек. Биз дагы сырттан карап турбай, жардамга кол сунганга даярбыз. ”- деди Франциянын тышкы иштер министри  Жан-Ив Ле Дриан.

      Ал болуп өткөн кырсыкка Франция бийлиги экспертиза иштерине өзөгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

  Белгилей кетсек, учак кырсыгынан каза болгондордун көбү Ирандын жарандары.  Алардын арасында  Канаданын, Германиянын, Улуу Британиянын, Швециянын жана Ооганстандын жарандары да болгон.  

 Эске салсак,  бүгүн 8-январда Украинанын Киев шаарына багыт алган учагы Иранда кырсыкка кабылган. Учакта 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү  болгон. Алардын баардыгы каза болду. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *