Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма беттешет

   Мезгил

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун оюну бүгүн Бишкекте өтөт. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти. 

Маалым болгондой, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8 жарымда Кыргызстан Мьянмага каршы беттешет.

Буга чейин Футбол федерациясы коргоочу Азамат Байматовдон тышкары улуттук командадагы бардык оюнчулар даяр экенин билдиришкен.

Ал жараат алганы айтылууда.

Эске салсак, Кыргызстан тандоо турунун 1-жолугушуусун Тажикстанга каршы өткөргөн.

Душанбеде болгон оюн атаандаштын пайдасына 1:0 менен аяктаган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *