Футбол: Эртең Кыргызстан – Тажикстан курама командалары беттешет

Мезгил

Эртең 19-ноябрда Кыргызстандын футбол курамасы кезектеги атаандашы менен беттешет. Тагыраагы 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка боло турган тандоо турунун алкагында  Кыргызстан – Тажикстан курама командаларынын беттеши  эртең кечки саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өтөт. 

Ал эми  бүгүн футбол боюнча Кыргызстан – Тажикстан курама командалардын машыктыруучулары, команда капитандары беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөрүшөт. Эки кураманын башкы машыктыруучулары Александр Крестинин жана Усмон Тошев өз командаларынын абалы, беттешке даярдыктары тууралуу кеп салышат.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын мүчөлөрү кечээ, 17-ноябрда Бишкек шаарына учуп келишти.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *