Футбол: Кыргызстан ФИФА рейтингинде эки баскычка төмөндөдү

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) рейтингинде 96-орунда. Муну менен эки  баскычка  ылдыйлады десек болот.   ФИФАнын жаңыланган рейтинги бүгүн, 28-ноябрда чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  улуттук кураманын ноябрь айында 2022-дүйнө чемпионатына жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунда 2 беттеш жана бир достук беттешин өткөргөн. 9-ноябрда Кыргызстан Өзбекстанга 1:3 эсебинде утулса, 14-ноябрда Япония курамасына 0:2 эсебинде жеңилишкен. Ошондой эле, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

ФИФАнын 24-октябрдагы рейтингинин жыйынтыгы менен салыштырмалуу Кыргызстан 2 баскычка төмөндөгөн.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия футбол конфедерациясынын рейтинги боюнча 14-орунда турат.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *