Футбол: Кыргызстан Монголияны 2:1 эсебинде жеңди

Мезгил

Бүгүн, 15-октябрда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Монголия менен беттешип, оюндун биринчи бөлүгүндө 2:1 эсебинде Кыргызстан улуттук курама командасы утту.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 14-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов эсепти ачып, биринчи бөлүктүн бүтөрүнө 3 мүнөт калганда Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизген.

 Оюн Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында болуп өттү.

Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Төрт турда үч беттеш өткөргөн улуттук курама азырынча 6 упай топтоду.

Эске салсак, буга чейин  Кыргызстан курамасы  Мьянманын курама командасын 7:0 эсебинде уткан.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *