Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары тең чыкты

Мезгил

Кечээ, 19-ноябрда өткөн Кыргызстан-Тажикстан футбол беттешинде  жеңүүчү аныкталган жок.  2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөн оюнда алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө биздин коргоочу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш оюндан кийин F тайпасында жетиден упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн дагы да болсо ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *