Футбол. Кыргызстандын футбол курамасынын баасы өстү

  Мезгил

Кыргызстандын футбол курамасынын баасы өсүп, рекорд койду.

Мындай маалыматты  германиялык Transfermarkt.de басылмасы жарыялады. 

Маалыматка ылайык, буга чейин Кыргызстан курамасынын наркы 2 миллион 525 миң еврого бааланып, тизмеге 12 спортчу кирсе, учурда улуттук команда 2 миллион 650 миң еврого бааланууда.

Ушул айда биздин курама Өзбекстанга жана Японияга утулса, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыккан.

Трансфердик баа:

Валерий Кичин (капитан) — 1,5 миллион евро;

Гүлжигит Алыкулов — 200 миң евро;

Павел Матяш — 150 миң евро;

Азамат Байматов менен Ахлетдин Исраилов — 125 миң евродон;

Виталий Люкс менен Фархат Мусабеков — 100 миң евродон;

Тамирлан Козубаев менен Миролимжон Ахмедов — 75 миң евродон;

Эдгар Бернхардт, Алимардон Шүкүров, Акрам Умаров жана Бахтияр Дүйшөбеков — 50 миң евродон.

Ушул жылдын январь айындагы Азия кубогунун алдында КРдин командасы 2 миллион 75 миң еврого бааланган. Андан кийин наркы жогорулай баштаган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *