Футбол: Саналуу убакыттан кийин Кыргызстан  Монголияга каршы беттешет. Оюнду кайдан көрүүгө болот?

Мезгил

 Бүгүн 15-октябрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Кыргызстан  Монголияга каршы аттанат.

3-тур Улан-Батор шаарында Бишкек убактысы боюнча түшкү саат 2де башталат. Беттешти  бул «@mycujoo» шилтеме аркылуу көрүүгө боло тургандыгын футбол федерациясынан билдиришти. 

Учурда Кыргызстан турнирдик жадыбалда 3 упай менен 3-орунда жайгашууда.

Монголияда дагы 3 упай, бирок кошумча көрсөткүчтөр боюнча 4-орунда.

Биринчиде 6 упай топтогон Япония келе жатат. Экинчиде ошончо эле упай менен Тажикстан.

Кошумчалай кетчү нерсе, тайпанын лидери Япония менен Кыргызстан Бишкекте ноябрда кез келет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *