Футбол: Виталий Люкс жаракат алды

Мезгил

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы командасынын чабуулчусу Виталий Люкс 9-ноябрда Ѳзбекстанда ѳткѳн достук мелдешинде ийинен жаракат алды. Буга байланыштуу ал мелдешке толук катыша алган эмес.

Футбол федерациясынын маалыматына таянсак Люкс азыр борбор каалабыздагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Ал азыр моролдык жактан мелдешке даярданып жатат дейт аталган федерация. Ал эми Күн чыгыш ѳлкѳсү менен болгон мелдешке кимдер чыгат? – деген суроого азырынча жооп жок. Анткени, команданын түзүмүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин 14-ноябрь күнү мелдешке 1,5 саат калганда чечерин айтат. 

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда өтөт.

Виталий Люкс: Кыргызстандын намысын коргоо мен үчүн сыймык

Ал эми Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол боюнча беттешине айрым билеттер сатыкка чыкпай калганына нааразы болгондордын саны да арбын.

 Футбол сүйүүчүлѳрү  Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чок ортосундагы орундуктардын тактап айтканда чыгыш тарабындагы төртүнчү жана ага каршы жайгашкан 19-сектордун билеттери сатыкка чыкпагандыгын айтып нааразы болууда.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдиргендей, билеттерди басып чыгаруу жана сатуу федерациянын өнөктөшү «Фрунзе» гипермаркетине тапшырылган.

Ал эми билеттердин баасы жараша. Мисалы, стадиондун чыгыш тарабы 350 сом, түштүк тарабы (дарбазанын арты) 250 сом, ал эми батыш тарабындагы орундуктардын баасы 500 сом.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *