Гүлүасал САДЫРБАЕВА: “Докемдин өлгөн күнүндө апам түшүмө кирип, Куран окутулаарда козголду окшойт”

Мезгил

Бүгүн ыраматылык, бейиши болгур залкар талант Дооронбек Садырбаевдин өлгөн күнү. Тирүүсүндө адилеттүүлүктүн символуна айланган көп кырдуу өнөр ээси быйыл 81 жашты карытмак. Өлгөн күнүндө кыргызга бир жаралган инсандын элесине таазим кылып, рухуна зыярат кылуу менен маркум жөнүндө бир тууган карындашын сөзгө тартып, учкай маек курдук.

–Эже, бейиши болгур Докебиздин дүйнө салганына 12 жылдын жүзү болуптур. Бул күнү залкар инсанды кантип эскересиздер?

–Биздин үй-бүлө үчүн ар бир жуманын бейшемби күнү, ар бир жылдын 13-февраль (туулган күнү) жана 28-майда (каза болгон күнү) чогулуп, агабызды эскерип, Куран окутмай салтка айланып калган. Бирок, быйыл шартка байланыштуу ар бирибиз үйүбүздө эскерип отурабыз. Туулган күнү менен каза болгон күнү чоң кылып эле түлөө өткөрүп жүрөбүз. Биз жеңеме ыраазыбыз, анткени ал жуманын ар бейшемби күнү дасторконун жайып, Куран окутат. Кимибиз бош болсок бармай адатка айланган. Эсимде, бир жолу Ысык-Көлгө эс алганы жеңемди кошо ала барганбыз. Бейшемби күнгө бир күн калганда сүйүнүп кетти. Көрсө, кадимки пиццаны жарнамалаган кагазды колуна кармап алыптыр. “Кыз, эртең акеңе кантип Куран окутам деп сар-санаа болуп жаттым эле. Мына эки пицца алып окутсак болот” – деп Куран окутканбыз.

–Агаңыз түшүңүзгө киреби?

–Албетте, көзү өткөн жакын адамдарың тез-тез түшүбүзгө кирип турат. Бүгүн негедир акем эмес, апам түшүмө кирди. Жарыктык, ал да бүгүн Куран окутула турган күн деп козголсо керек.

–Мамлекет тарабынан Докебизге көрүлгөн камкордук, анын арбагы ыраазы болоорлуктай иш-аракеттер жасалып турабы?..

–Ооба, мамлекет тарабынан бир топ эле жакшы иштер жасалып жатат. Мисалы, Бишкек жана Ош шаарларына, Ноокен районунун борборундагы чоң көчөлөргө атын беришти. Ноокен районундагы бир мектепке, бир китепканага, өзү иштеген “Кыргызтелефильмге” ысымын ыйгарышты. Ноокен районундагы баатырлар аллеясына, мектепке эстелиги коюлган. 80 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары шартка байланыштуу жылдырылып келе жатат. Ал эми эстелиги даяр болуп калган, аны Чүй проспектисине коёбуз дешкен. 80 жылдыгына карата өлкөбүздүн бир топ жогорку окуу жайларында илимий конференциялар, эскерүү кечелери өткөрүлдү. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *