Гүлбара Калиева Жогорку Сотко үй-бүлөсүн жана туугандарын соттон коргоо үчүн барганбы?

    Мезгил

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева тууралуу социалдык тармактарда “бомба” жарылды. Биз ага таянып бул эжекенин тымызын жасап келген иштери тууралуу ирети менен баяндап берели.

 Калиеванын кызматтык машинеси киши сүзүп, аны башкарып бараткан баласы камалган эмес

Калиеванын уулу Ордобаев Жоомарт Бейшенбекович апасына тиешелүү кызматтык машине менен баратып киши сүзүп кетет. Кырсыктан эки киши бул дүйнө менен кош айтышат. Жоомартка карата 2001-жылы 12-ноябрда 281-берене менен кылмыш иши козголгон. Ошол маалда Гүлбара Калиева Сокулук районунун сотунун төрайымы болуп турган. Ал уулун кылмыш жообуна тарттырбай, ич ара сүйлөшүүгө барып, ишти жаптырууга жетишкен. Ошентип жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетет. Кийин из жашыруу максатында өз ыктыяры менен судьялык кызматтан кеткен. Ошентип келечектеги Жогорку Соттун төрайымы баласынын түрмө торунан калкалап калган. Эмне мыйзамдын сакталышына кызмат кылган соттун баласына мыйзамдын “тиши” өтпөй калганбы?

Калиева бир тууган агасын абактан коргоп калган

Калиеванын агасы Калиев Тилек Үтүровичке 2014-жылдын май айында КР ИИМ тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 253-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок козголгон кылмыш иши кумга сиңген суудай жоголуп, кылмыш ишинин делосунда судьянын чечимин табууга мүмкүн болбой калган. Анткени Гүлбара Калиева ал кезде Жогорку Сотто суядьялык кызматты аркалап турган. Таянганы тоодой болгон Калиев Тилек жоопкерчиликтен оңой кутулуп кеткен. Албетте бир тууган карындашы Соттордун “жогорку” төрүндө иштеп турса акталып кетиш кеп бекен?

Калиева күйөсүн актаган судья Байысовду райсотко төрага кылган

Гүлбара Үтүровнанын жолдошу Ордобаев Бейшенбек Сыдыкбековичке Башкы прокуратура тарабынан 2015-жылдын 26-февралында КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүмү, 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 5-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2005-жылы 6-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турганда бир катар мүчүлүштүктөргө жол берген. Тактап айтканда 14.3 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу мыйзамсыз документ жасаган. Бул иш боюнча бир катар адамдарга да кылмыш иши козголуп, алды камалып да чыкты. Бирок мыйзамсыз иштерди, мыйзамды бузуп жасалма документ жасаган Жогорку Соттун Төрайымынын күйөөсү суудан кургак чыга берген. Аялынын салымы менен соттон акталып кеткен.

Ордобаевдин ишин 2018-жылдын 22-сентябрында Гүлбара Калиева Жогорку Соттун төрайымы болуп шайлангандан кийин Аламүдүн районун соту Байысов карап жатпайбы? Ал 2018-жылдын 9-октябрь күнү өзүнүн төрайымынын жолдошунуна карата актоо чечимин чыгарган. Бул “эмгеги” үчүн Калиева Байысовду Аламүдүн райондук сотунун төрагасы кылып дайындайт. Байысовдун Ордобаев Бейшенбекке карата чыгарган чечимин Чүй областык соту да колдоп, 2019-жылдын 8-февралында ушул эле чечимди күчүндө калтырат. Ал тургай бул ишитин Жогорку Сотко жетишине жолтоо болуп, Башкы прокурордун орун басары Жаманбаеванын кийлигишүүсү менен Аламүдүн сотунун чечими менен кармап келет.

Суроо туулат. Карганбек Самаковдун “жерлеринин” документтерин жасаган адам, Гүлбара Калиеванын күйөөсү Ордобаев Бейшенбекке карата козгологон кылмыш иши кынтыксыз болсо, анда эмне үчүн Карганбек Самаков баштаган топ күнөөлүү болуп жазаланып келди? Же Калиева үчүн мыйзам мааниге ээ эмеспи? Жогорку Соттун төрайымы өз мыйзамы менен каалагандай жашап келеби?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *