Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти: Апам өмүрү өткөнчө эч кимге жаман айткан эмес

Мезгил

Аял- эне, аял-жар, аял-дүйнөдө теңдешсиз асыл жан -деп бекер айтылбаса керек.   

Апасыз аалам толо албайт,

Апасыз бала оңо албайт.

Ата-көз, бирок апаңдай,

Ал сага карек боло албайт”  деп акын, журналист Шайлообек Дүйшеевдин ырында айтылгандай эле ааламдын көркүн чыгарып бул ааламды  кармап турган аялзатка кандай сөз айтсак да жарашат. Назиктикти, аруулукту , сулуулукту даңазалаган жаз мезгилиндеги айымдардын  Эл аралык майрамы да кирип келди. Бүгүн биз 8-мартка карата даярдалган  “Апакем жүрөгүмдө” деген рубиркабызда сиздер таанып билген атактуулар өзүлөрүнүн апалары туурасында айтып беришти. Урматтуу окурман анда кыргыздын камчысына сап мырзаларыбызды, биз сыймыктанган эже агаларыбызды кандай  эне  тарбиялады экен десеңиз,  анда бул суроого төмөндө жооп ала аласыз.  

  Гүлшайыр Садыбакасова,  КРнын Эл артисти:  Апам өмүрү өткөнчө эч кимге жаман айткан эмес

Жашоонун мыйзамына баш ийип, апамды чын дүйнөгө узатканыма быйыл 5 жыл болот… Жылдар өткөн сайын, апакемдин элеси унутулмак тургай, маяктай болуп мага жол көрсөтүп тургансыйт. Анын айткан акыл-насааттары, макал менен сүйлөгөн сөздөрү, оор -басырыктуу, салмактуу мүнөзү, ошол эле учурда музыканын ыргагы жаңырганда, баарыбыздан мурда ыргып тура калып бийлегендиги баары, баары тең кечээ гана болгондой көз алдыма тартылып турат.

Апам өмүрү өткөнчө эч кимге жаман айткан эмес. Анын кайын журтуна кылган ызаат-урматы, кайын журту да апамды терең урматташып  “мугалим келин” деп сыйлашып, кандай иш болсо да апамды чакырып, кеңешип, анын айтканы менен тууган-уруктардын  көптөгөн жакшылык, жамандыктар бийик деңгээлде өткөрүлгөндүгү  кыттай болуп бүгүнкү күнгө чейин эсимде турат.

45 жыл мугалим болуп иштеп, 2000ден ашык  окуучуга тарбия берди. 12 бала төрөп,  тогузубузга өмүр, балалык алтын доор,   жогорку билим берип, биздин келечек тагдырыбызга жол көрсөткөн кеменгер аял, жароокер эне болду. Апам көзү өткөнчө бир да адам менен урушпаптыр, бир да адамга жаман сөз айтпаптыр. Муну  апамдын  көзү өткөндөн кийин элдин баары айтышты. Мен үчүн ушундай кеменгер адамдын кызы болуу сыймык! Бул дүйнөдөн көзү өтсө да айжаркын асыл апамдын элеси ар дайым жүрөгүмдө жашайт!

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *