“Ганси” базасында реанимациялык бөлүм ачылды

  Мезгил

“Ганси” базасында реанимациялык бөлүм ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 

Анын айтымында базада буга чейин орто абалдагылар гана дарыланчу. Пневмониядан дарыланып жаткан орто абалдагы бейтаптардын абалы оорлошуп жатат.

Андан улам министрликтин буйругу менен “Гансиге” реанимациялык блок ачылды. Ага Улуттук онкология жана гематология, Улуттук хирургия, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору жана Чүй облустук ооруканаларынын реаниматологдору жөнөтүлдү. Ошондой эле, 112 кычкылтек концентратору орнотулду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *