Генерал Исаков Кой-Таштыктарды сабырдуу болууга чакырган

    Мезгил

   26-сентябрда Кой-Таш айылында 7-8-августта орун алган окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия айылдын жашоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Көчмө жыйындын жүрүшүнө келген айыл тургундарынын көпчүлүгү комиссияны өкмөтчүл, калыс эмес позицияга ээ деп күнөөлөшкөн. Атамбаевди колдогон аялдар, КСДПнын Бишкектен бери барган өкүлдөрү сөз талашып, комиссия мүчөлөрүнүн даректерине акарат сөздөрдү жолдоп жатышы. Бул жыйынга Атамбавди колдогондор алдын ала даярдык көрүшкөндөй пикир жаратты.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Кой-Таштын жашоочулары чектен чыкпашы керектиги тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө айтып берген. “Кой-Таштын жашоочулары 7-8-августта болуп өткөн окуялар боюнча өз версиясын айтып беришип, нааразылыктарын өтө орой түрдө билдирип жатышты. Алар эмоцияга да берилип кетишти. Исмаил Исаков тургундарга чектен чыкпай, бири-бирин сыйлоого чакырды, мен муну туура көрдүм.” –дейт Артур Медетбеков.

Ал эми комиссиянын дагы бир мүчөсү, мурдагы Конституциялык Соттун судьясы Клара Сооронкулованын дарегине да “Бул киши комиссиядан чыгарылышы керек” деген ачуу сөздөр айтылып жатты. Клара Сооронкулова “Эгер окуяга катышкандар келип сүйлөп бергенде көчмө жыйын объективдүү болмок. Атамбаевдин тарапташтарын топтоп алышып, 3 сааттан ашуун бизди айыптаган пикирлер гана айтылып турду” – деди.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кайненеси Гуласал Теңизбаева генерал Исмаил Исаковго аны колдоп мурда митингге чыкканын эске салды. Аял 2009-жылы Исаковду колдогон акцияга көтөрүп чыккан анын сүрөтүн көрсөткөн. Эске салсак генерал Исмаил Исаков генералдык даражага маңдай тери менен кызмат кылып жеткен, бийликтин сындырам деген аракеттерине моюн сунуп бербеген, эл үчүн кан күйгөн күндөрдө кызмат кылган, Ош окуясында элге тынчтык алып келүүдө мол тажрыйбасын көрсөтө алган киши.

Жыйында генерал Исмаил Исаков накта генералдык сапатын көрсөтө алды. Ал Атамбаевдин кайненесине теңелген жок. Негизги милдети комиссиянын ишин туура жүргүзүп, адилет иш алпаруу экендигин башкы планга коюп, комиссия бул жерге элдин пикирин суроо үчүн келгенин жыйналгандарга айтып, кой-таштыктарды сабырдуу болууга чакырып кетти.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *