Генерал Кудайбердиев коопсуздугубуз үчүн чеп болуп турса жарашмак

Мезгил

Өлкөбүздө барган сайын абал кооптуу жагына айланып, алакандай өлкөбүздүн коопсуздугу кай жагынан караба канчалык деңгээлде “корголгону” белгилүү болду. Сөздү узартканда не? Мындай шартта жабыла жалпыбыз төбөлдөргө туура сунуш киргизип, үн катып турсак эмнеге болбосун? Бүгүн бийликтин маанилүү бутактарына президентибиз тажрыйбалуу, таза генералдарды тартып, өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн татыктуу чечим кабыл алса болот беле?

Бир эле мисал, өлкөбүздүн эки ирет коргоо министрлигин жетектеген, кезегинде Россиядагы аскердик академияны алтын саат менен аяктаган, кыргыздын жалтанбай от кечкен генералы Абибилла Кудайбердиев сыяктуу генералдарга коопсуздугубуздун бир тармагын чойдурсак баарыбыз үчүн утуш болот эле го?

Өлкөдөгү башкаруу, кадрдык саясат туш тарабынан кризиске кептелгенде “сен өз, сен өңгө” деп тажрыйбалуу кадрларды бөлбөй, күчүн алып калуу мезгилдин айныгыс чындыгына айланууда. Качан оң жолго түшөбүз? Болбодубу эми?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *