Генерал-майор Абдулда Суранчиев эми “Мегакомду” башкарат

   Мезгил

Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткара баштады.

2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон Абдулда Суранчиев соңку жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басарлыгын аркалап келген.

“Мегакомду” 2018-жылдан бери башкарып келаткан Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясынын курамында октябрда өтчү парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, 19-августта кызматын тапшырды.

Абдулда аксакалда тажрыйба жагынан кеп жок. Ушул орунду жаштарга бошотуп, биринчи орун басарлыкты аркалап, ага удаа генералдык пенсиясын алып жата берсе болбойт беле? Же балким биз билбеген да күңүрт жактары барбы?

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *