Генерал Рысбек Мирзаматов өлкөгө керек кадр!

Мезгил

Керек учурда чындыкты айтуу бул биздин милдет. Мейли ал айрымдарга жагып, кээ бирөөбүзгө жакпаса дагы. Себеби, адилеттүүлүктүн үнү дайыма талашта болуп келген. Эмесе, сөз ким жөнүндө уланып жатканын түкшүмөлдөтпөй ачык айталы. Бүтүндөй өмүрүн өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнө арнаган бир генерал бар. Ал Рысбек Мирзаматов! Эл сыймыгына айланган генерал-майор ушул күндөрү коомдук, саясый процесстен артта калбай, өлкө тагдыры үчүн күйүп-бышып жүрөт. Албетте, мындай сапат көкүрөгүндө көрөңгөсү барлардын гана колунан келээри турган иш. Көптөн бери “улутка кызмат кылган ушул адамды жазсам” – деген асыл тилектин ыңгайы келе баштаганынан улам биз азырынча азын-оолак гана каарманыбыз жөнүндө сөз козгоону туура көрдүк. Калган кеп ыңгайга жараша козголо берээр.

Рысбек Мирзаматов ушул күндөрү тандап алган позициясы менен командасын сатпай, баштагы принциптеринен жазбай келүүдө. Эгерде жалтанбай от кечкен чыныгы кыргыз генералына Куралдуу күчтөрдөгү кандай кызмат ыроолонсо ишти көркүнө чыгара аткарып бермек. Эгерде анын иштешине бийликтеги бир ууч топ кызганычтык жаратса каарманыбыз өлкөдөгү абройлуу партиялар менен парламенттик жарышка аттанса болбойбу? Куп жарашмак! Анын мамлекеттик кызматка келиши өлкө үчүн утуш гана болмок.

Эл көзүндөгү адамга ара-тородо сунуш берүү да маанилүү эмеспи. Мындан ары генерал-майор өзү мүчө болгон партиянын жар кырындагы калганын эске алып, абройлуу саясый топтун катары менен аламан жарышка аттанса бери дегенде формачандар түп көтөрүлүп колдоп беришмек.

 Рысбек Мирзаматовдой билимдүү генералдын парламентке келиши элге үмүт жаратып, Жогорку Кеңештин аброюн гана көтөрмөк. Анда эмнеге карап турабыз? Эл оозуна алынган чыныгы кыргыз мырзасын түп көтөрүлө, колдоп алсак, Абибилла Кудайбердиев баштаган өлкөдөгү генералитеттер да капталдан чыгып, биздин сунушту жерде калтырбай колдоого алып кетишин бөркүңөрдөй көргүлө. 2015-жылы “Ата Мекен” үчүн опол тоодой күч берген Мирзаматовдун тажрыйбасын эстүү партлидерлер эске алса алды утуш гана болмок. Эмесе, биз кеп тизгинин ушул жерден токтото туралы. Алдыңкы күндөрү каарманыбыздын бейнесине журналисттик тилек менен үн берүүгө аракетибизди кылмакчыбыз.

Мезгил Ньюс         

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *