«Гепарин», «Анаферон», «Цефтриаксон» дары-дармектер жашырылган кампалар табылды

   Мезгил

Бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу эпидемиологиялык абалды жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан иштер боюнча онлайн маалымат жыйын берди.

Өкмөт башчы дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын запастары жашырылган кампалар табылганын айтты.

Анын айтымында, «Гепарин», «Резитромицин», «Ингавирин, «Арбидол», «Эргоферон», «Анаферон», «Цефтриаксон», «Парацетамол», «Кардиомагнил» дарылары, физраствор, тамчылатма үчүн ситемалар табылган.

“Дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 кылмыш иши аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кампаларда катып алып, дары-дармек тартыштыгын атайылап жасап жаткан 2 иш катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми дарыларды кымбат баада сатып жаткан алып-сатарларга 8 кылмыш иши ачылды”, – деди Боронов.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *