Гомо…гомесексалю. Депутат Икрамов эмнеге бул сөздү айта албай койгонун айтты

Мезгил

Депутат  Тазабек Икрамов кечээки жыйында  “гомосексуализм” деген сөздү айта албай, бул туурасында анын видеосу интернет булактарына тарап жаткандыгы боюнча айтты.   

Анын айтымында, айрым журналисттер анын катасын колдонуп роликтерди таркатып жатышат.

«Ооба, мен ката кылдым, эмоциямды жашыра алабй туура эмес сүйлөп алдым. Жигиттин оозуна алгыс сөздү эмоцияга алдырып айта албай койгом, Борбордук аянтта элдин нарк-насилине каршы иш-чара жүрүп жатса, айрым кесиптештерим аны колдоп жатканына жинденип жаңылып айтып алдым. Анын үстүнө эркек адамдын оозуна алгыс сөз -деди Тазабек Икрамов.

 Кечээ, 13-мартта парламент жыйынында депутат Бишкекте 8-мартта болгон феминисттердин маршы тууралуу пикирин билдирип жатып “гомосекут… сексалю…” деп текстти окуй албай   талкууга алынган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *