Гуля Алмамбетова аны сындагандарга жооп кайтарды: Элдин бугу чыгыш керек, ал дагы бир кызмат!

Мезгил

Бишкек шаарынын мэриясынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова ага карата сын айткандарга жооп кайтарды. 

-Рахмат! Ооба! Сөздөрүмө жана иш-аракеттериме жооптуумун! Бирок!!!!! Ал жеке твит болчу. Жеке!!!!!!! Эч кимге тиешеси жок!!!!!! Мааниси башка, твиттердин форматы негизи башка!!!!! Түшүндүрмөсү да болгон!!!! Тилекке карышы – айрым жалданган адамдар, өз кызыкчылыгында сөздөрдү бурмалап таптакыр башка мааниде колдонушкан. Бирок, коомдо баары уялып, 29 жыл унчукпай келген темага дискурс, талкуу, ой ордо сүйлөшүү, ой жүгүртүү пайда болду. Мындай актуалдуу диалог үчүн, ар бириңизге ыраазычылык билдирем. Чыныгы достуктан коркпогон досторума рахмат. Эң башкысы, өмүр үчүн коркуу жаралып, карантинден чарчап турган, пандемия убагында, элиме, мекениме кызмат көрсөтүп жатканыма кубанычтамын! Пандемия бул согуш! Согушту башынан өткөргөн Фейсбуктун колдонуучуларынын саны абдан аз. Согуштун убагында элдин бугу чыгыш керек, ал дагы бир кызмат, ал дагы кара жумуш. Бул менин кызматым! Менин милдетим! Азыр бир кана тилек: эч ким оорубасын!!!! Ар бирөөңөр өзүңөргө керексиздер! Үй бүлөңүздөргө керексиздер! Айкөл кыргыз эл аман болсун! Оорубаңыздар! Арыбаңыздар! -дейт ал.

Эске салсак, Гуля Алмамбетова “Көп балалуу үй-бүлөлөрдү  жек көрөм” деп интернеттеги баракчасына жазып, бул коомчулукта катуу сынга алынды. Аны интернет колдонуучулар жумуштан кетишин талап кылышууда.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *