Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга жардам бергенге даяр

  Мезгил

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга жардам бергенге даяр. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 6-майда өлкө башчылар телефон аркылуу сүйлөшуштү.

Анда  Өзбекстандагы  Сардоба суу сактагычындагы өзгөчө кырдаалдын кесепетинен кийин андагы чыгымдарды ордуна келтирүүгө жардам көрсөтөөрүн Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге билдирген.

Эске салсак, 1-майда Өзбекстанда Сырдарыя облусундагы суу сактагычта дамба жарылып, бир нече айылды суу каптаган. Болжол менен 70 миңдей адам куткарылып, бир нече социалдык объектилер суу алдында калды. Алгачкы куткаруу иштеринин жүрүшүндө Өзбекстандын Улуттук Гвардиясындагы 2 аскер кызматкерин сел агызып кеткени маалымдалган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *